Министр М.Турганбаевдин милиционерлер кылмышкерге карата курал колдоно алат деген билдирүүсү көлдүктөр арасында көп талкууну жаратты
КРнын ички иштер министри Мелис Турганбаевдин, кийинки жолкуда милиция кызматкерлери тарабынан куралдуу кылмышкерге карата табелдик куралдан ок чыгарууга команда бергени тууралуу маалыматтар Ысык-Көл облусунун коомчулугу арасында көп талаш-тартыштарды жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ысык-көлдүктөр укук тартибин сактоочулар тарабынан ок атуучу куралды колдонуунун укутук ченемдүүлүгү боюнча кайчылаш пикирде болушууда.
Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Эмилбек Салиев бүгүн, жарандык сектордун айрым өкүлдөрүн кабыл алып, бул меселе боюнча так түшүндүрмө берди.
«Министр, «КРнын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга шилтеме берүү менен милиция кызматкери кооптуу учурда эскертүүсүз курал колдоно аларын билдирди», – деп белгилейт басма сөз кызматы.
Э.Салиев, ИИМдин жетекиси тарабынан жарандардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча чоң иштер жасалып жатканын белгилөө менен, «Ошондуктан, министрдин бул билдирүүсүн башкача талкууга алуунун кереги жок. Анын буйругу бир гана жакшы ниеттерге багытталган, башкача элди кылмыштуулуктан сактоого», – деди ал.
Булак: Баракелде


Leave a Reply