Нарында кен байлыктарга берилген уруксат баракчалар саны эки башка

 Нарын облусунун аймагынан тоо кендерин чалгындоого жана иштетүүгө КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекетик агенттик (ГМРМА) тарабынан уруксат баракчалардын берилген саны эки башка чыккандыгын облус жетекчиси Аманбай Кайыпов дагы бир жолу маалымдады.…
Толугу менен »

Тартип бузгандарга чара көрүлбөсө, кайдагы кылмыш менен күрөш,-нарындык ИИО ардагерлери

Нарында өткөрүлгөн укук бузуулардын алдын алууга арналган форумда жергиликтүү бир катар ички иштер органдарынын ардагерлери сын-сунуштарын келтиришти. -Бул жыйын илгерки партиялык чогулуштай болуп, отчет берүү менен чектелүүдө. А эмне үчүн жасалган кылмыштар боюнча айтылбайт. Мисалы…
Толугу менен »

КААБ деген -эртеңки келечек, улуттун баалуулугу,-нарындык КБ лидери

   -Биз баарыбыз коомдо укук бузуу болбосо дейбиз. Бирок эмне үчүн андай болбой жатат? Себептери көп. Мисалы мыйзам боюнча коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) айыл өкмөттөр жетектеш керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Аны формалдуу…
Толугу менен »

Нарында укук бузуулардын алдын алууга арналган форум өткөрүлдү

  «Милиция менен коомчулук-жашоонун сакчылыгында» аталыштагы форумдун ишине КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, акимдер, шаар бийлигинин өкүлдөрү, жер-жерлерден чакырылган коомдук алдын алуу борборлордун (КААБ) жетекчилери катышышты. -Бул форумдун максаты коомдук тартипти…
Толугу менен »

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-январында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты -…
Толугу менен »

Депутат К.Бокоев Талас облусундагы бир катар окуу жайлардын студенттери менен жолугушту

25-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев Талас облусундагы бир катар окуу жайлардын студенттери менен жолугушту. Комитет төрагасы К.Бокоев студенттерге Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен фракцияларынын ишмердүүлүгү…
Толугу менен »

Сүйүнбек Сырдыбаев, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин директору: “Видеокамера коюлса, машиналар тартипке келет”

-Сүйүнбек мырза, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн тендерде мыйзам бузуулар болгон жокпу? -“ИИМ өткөрүп жаткан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссияга жарандык коомдун атынан мен жана Азиза Абдрасулова экөөбүз катыштык. Тендердин өзгөчөлүгү – абдан ачык-айкын…
Толугу менен »

Нурсулу Ахметова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынын бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн…
Толугу менен »

Курманжан Датка тасмасынын жаратуучулары “Намыс” медалы менен сыйланышты

Бүгүн 25-февральда “Курманжан Датка” тарыхый көркөм тасмасынын жаратуучулары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын “Намыс” медалы менен сыйланышты. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Кумжан Датка” киносунун жаратуучуларына чыгармычыл ийгилик каалап, аталган тасма кыргыз маданият дүйнөсүнө зор салым…
Толугу менен »

Сирияга курал алып киргенге эмбарго зарыл

Адам укугу жаатында иш алып барган эл аралык Human Rights Watch уюму Бириккен улуттар уюмуна кайрылып, Сирия бийлигине курал берүгө тыюу салып, эмбарго киргизүүнү сунуштап чыкты. Аталган уюм Башар Асаддын режими Коопсуздук кеңешинде тыюу салынган…
Толугу менен »

А.Такырбашев: “2006-жылдан бери 605 эшек союлган”

Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйында "Кайтал" ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашев ишкана 2006-жылдан бери иштеп келе жатканын жана буга чейин 605 эшек союлганын айтып: "Менин ишканам тиешелүү нормаларга жооп берет. Бардык мекемелер бул тууралуу билишет.…
Толугу менен »

Чүй: Массалык түрдө союлган эшектин эти иликтенет

Чүй облусунун Манас айылында эшектин этин союу фактысы үстүбүздөгү жылдын 9-февралында катталган. Окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. Маалыматка ылайык, үч апта мурда козголгон кылмыш иш Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка өткөрүлүп берилген. Окуя…
Толугу менен »