Сүйүнбек

Сүйүнбек мырза, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн тендерде мыйзам бузуулар болгон жокпу?

-“ИИМ өткөрүп жаткан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссияга жарандык коомдун атынан мен жана Азиза Абдрасулова экөөбүз катыштык. Тендердин өзгөчөлүгү – абдан ачык-айкын өттү. Биздин сүйлөшүүлөр аудио-видеодо жазылып турду. Эч кандай көмүскө сүйлөшүүлөр, бири-бирин чакырып, шыбырышуулар болгон жок. Эч ким басым кылбай, ошол эле учурда ар ким өз оюн ачык айтууга мүмкүнчүлүк болду. Тендердин жүрүшү бардык эрежелерге ылайык стандартта өттү. Негизги нерсе – бул биринчи тажрыйба. Мурда “Жеке өнөктөштүк” мыйзамынын негизинде мындай тендер өткөн эмес. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча гана тендер өтчү. Анда мамлекет өз акчасына товарларды сатып алчу. Бул жерде абал такыр башка, анткени инвестор алгач өз акчасын салып, пайда түшкөндөн кийин гана мамлекет менен бөлүшөт. Мындай принцип биринчи жолу болууда. Алар дагы өз акчасын тобокелге салып жатышат. Мындан ары өлкөнүн абалы, экономика, сом, доллардын курсу кандай болот, ушунун баарын эске алып туруп инвесторлор макул болушууда. Ушундай долбоорлорду ишке ашырабыз дегендердин бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Тендерде жалпысынан 25тей адам комиссияда болду. Ар ким өзүнүн билимине, түшүнүгүнө жараша баа берди. Буга чейин тендерге катышкан 25 компаниядан калган 5 компания өзүнүн презентациясын көрсөтүп, артыкчылыктарын, шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн, техникалык абалын айтып беришти. Биз болсо өз баллыбызды коюп чыктык. Акырында эсептеп, ким көп балл алса, ошону биринчи деп эсептедик. Ал “Стилсофт-Бишкек” деген россиялык компания болду. Тендердик комиссияга юристтер бул компания менен кошо берки төрт компанияны тең тендерге катышканга толук укуктары бар деп чечим чыгарышты. Мыйзам боюнча баллды көп чогулткан компания эгер келишимге келбесе, анда дароо экинчи орунда турган компания менен сүйлөшүүлөр башталат. Ошондуктан кайсы бир компания тендерди утуп алды деп айтканга болбойт.

“Стилсофт” компаниясынын каражаты жетиштүү, техникасы жакшы, тажрыйбасы бай деп тандадыңыздар да, туурабы?

-Ар бир компаниянын артыкчылыктары ар кандай, кимдир-бирөөдө өйдө, кимдир-бирөөдө ылдый экен. Ошондуктан, биринчи келген компанияны укмуш экен деп айтууга азырынча эрте.

Алар Бишкек шаарына качан видео байкоолорду коюп башташат?

-Көп балл топтой алган биринчи компания менен биз сүйлөштүк. Монтаж мыйзамдуу ишке ашканда гана алар өз жумуштарын дароо баштайт. Бул эмне деген сөз? Бул – камераларды мыйзамдаштыруу керек деген сөз. Бул абдан маанилүү. Мисалы, кайсы бир машина видеокамерага түшүп калып, анын туура эмес жерде турганы үчүн ээсин айып пул төлө десе, машинанын ээси аны төлөбөй коюуга укугу бар. Анткени, ал камералар мыйзамсыз. Камерадан түшкөн маалымат мыйзамдуу болуш үчүн биз аны мыйзамга киргизишибиз керек.

– “Стилсофт” компаниясы өз видеокамераларын ушул 2015-жылы коюп бүтүп, долбоорду ишке ашыра алабы?

-Азыр мамлекет бул компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар ТЭОну жасаш үчүн баарын изилдеп чыгышы керек. Биздин максат – тезирээк долбоорду ишке киргизүү. Алардын деле максаты ошол, этап-этап менен ишке киргизүү. Канчалык эрте киргизсе, ошончолук өздөрү короткон акчаны кайрадан батыраак ала башташат. Ал акчалар айып пулдан жыйналуучу каражаттар. Башка өлкөлөрдүн деле тажрыйбасы көрсөткөндөй, видеокамералар коюлгандан кийин айып пулдардын көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Демек, бизде деле азыр айыл пулдардын көбүн инспекторлор өз чөнтөгүнө салышууда. Видеокамера коюлганда мындай болбой калат, анткени бардыгы айкын көрүнүп турат. “Стилсофт” компаниясы ал тургай административдик укук бузгандар үчүн токтомун даярдап коюптур, аны принтерден чыгарып туруп эле жол коопсуздугун бузгандарга айып пулдарды төлөтөт. Мисалы, туура эмес жерге токтогон автомашина видеокамерада убакты-сааты, номери, кайсы көчөдө турганы менен даана көрүнөт. Аны эч ким тана албайт. Ал тургай авария болгон учурду деле адам эч качан так айта албайт, эгер ал камерага тартылып калса, кимден күнөө кеткени дароо билинет. Буга чейин бир көчөдөн канча машина өтүп жатканы, кайсы учурда тыгын болоору так билинбей келген, эми камералар коюлса анын эсеби так чыгат. Анткени, камерада эсептегич да бар.

Демек, камералардын коюлушу менен жол коопсуздугун бузгандарды гана аныктабастан, анын санын, салмагын, абалын да билсе болот турбайбы?

– Ооба, кайсы көчөдөн бир күндө канча машина өтөөрү билинет, статистика чогулат. Транспортту башкаруу сапаты жогорулайт. Кылмышка шектүү жана издөөдө жүргөн машиналар да камерага түшүп калгандыктан, аларды дароо табууга мүмкүндүк болот. Көчөдө өтүп жаткан машиналардын номерлери каттоодо тургандыктан, саат канчада кайсы машина кайда барды, кайдан келди, баары билинип турат.

Сымбат Максутова