Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов: “Жолдорубуз оңолмоюн, мамлекетибиз өнүкпөйт”

Үстүбүздөгү жылы Балыкчы-Кочкор-Арал-Суусамыр автожолунун техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн жана деталдык долбоорлоого каражат алуу максатында Азия Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов билдирди. Анын айтымында, Арал-Суусамыр автожолунун курулуш иштерине…
Толугу менен »

“Көз микрохирургия” госпиталы көк мейкинде

Алмазбек Исманкулов – Кыргызстандагы медицинанын визиттик карточкасы. Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун иш күнү эртең мененки саат 6дан башталат. Күнүгө эрте туруп, Эркин­дик сейил багын аралап, эки километрдей жүгүрөт. Ал окуган №6 мектеп, П.Ф.Шубин…
Толугу менен »

Азиз Мурадалиев, актер: “17 жашар уулум бар”

“Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз түрдө бирөөнүн башынан аттоо керек эмес. Ийгиликтин артында жаман сөз айтылбагандай, жакшы ирмемдер менен эстегидей элес калтырса, адам үчүн бул абдан жакшы нерсе. Биздин жумушубуз – адамдардын жан дүйнө абалы. Чыгармачыл…
Толугу менен »

Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 10-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат: Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин отставкасы…
Толугу менен »

КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова: “Адамдык аруу жолдон адашпай жашоо зарыл”

Эстрада жылдызы, КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен учкай маектештик. - Динара айым, адам баласы үчүн бир келген жашоодо өз кызыкчылыгы өйдөбү же инсандык милдетпи? - Адам үчүн ар качан адамгерчилик, боорукерлик, сый-урмат биринчи…
Толугу менен »

Аталарды да ардактасак болбойбу?

Үй-бүлө очогун сактоодо, балдарды адеп-ахлактуу, ыймандуу, илим-билимдүү, улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлай билүүгө, өз өлкөсүнүн патриоту катары мекечилдикке, ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоодо ата-эненин биргелешкен орду зор экендигин эч ким деле тана албайт. Албетте,  тогуз ай омурткасын…
Толугу менен »

Тарыхый-маданий эстеликтерди сактоого байланышпаган курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бүгүн, 20-январда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Комитеттин кароосуна 2-окуудагы мыйзам долбоорун комитеттин төрагасынын орун басары Роза Акназарова…
Толугу менен »

Депутат А.Баатырбеков НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча кызматташуу бюросунун башчысы А.Винников менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 10-февралда НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматташуу бюросунун башчысы Александр Винников менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку…
Толугу менен »

Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Гуманитардык-экономикалык факультетинин деканы, экономика илиминин доктору, профессор  Аманкул Зулпукаров: “Элибиздин жашоо деңгээли экономикадан көз каранды”

 Аманкул Зулпукаров 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинен экономика адистиги боюнча жогорку билим алып, 1969-1994-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика тармагында жөнөкөй экономисттен, областтык статистика башкармасынын башчысы, Республикалык статистикалык комитетинин башчысынын биринчи орун басары жана башчысы болуп эмгектенген. Экономика тармагында…
Толугу менен »

Эболанын курмандыктары 9 миңден ашты

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тараткан акыркы маалымат боюнча Эбола вирусунан өлгөндөрдүн саны Гвинея, Либерия жана Сьерра Леонеде 9 миң кишиден ашты. Ал эми жуктуруп алгандар 22525ке жетти. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын иши…
Толугу менен »

Өзбекстанда мунай түгөнгөн, газы азайса атом станциясын курабы?

 “Өзбекнефтегаз” компаниясы Түркмөнстан менен чек арага жакын аймакта газдын 5 кенин иштетүүгө $334 миллион каражат коротту. Алардын арасынан Самантепе, Гирсан жана Тайлак кендери эң ирилери болуп саналат. Быйыл жаңы кендерден өндүрүлүүчү 3,8 миллиард кубометр газ…
Толугу менен »