Тарыхый-маданий эстеликтерди сактоого байланышпаган курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды
Бүгүн, 20-январда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Комитеттин кароосуна 2-окуудагы мыйзам долбоорун комитеттин төрагасынын орун басары Роза Акназарова алып чыкты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоо жана пайдалануу, ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Мында археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынаарын такталган. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас обьекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлдетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынаары жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга кирептер кылаары айтылган.
Талкууда жогорудагыдай обьектердин чегинде эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөйт деп так көрсөтүп жазууну сунушталганы менен курулуш иштери буга чейин эле бар экени белгилүү болду. Эми тарыхый-мурастар обьекттери жайгашкан жердин чектерин кайра карап чыгуу боюнча токтом долбоору иштелип чыгып жатканын КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев маалымдады. Айтымында, мурда тарыхый-маданий мурастардын чектери кеңири белгиленген. Маселен, шаар ичиндеги тарыхый маданий мурастар обьекттеринин чеги өтө эле чоң белгиленген. Ошол эле маалда шаар эли көбөйгөндүгүнө байланыштуу инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы турат. Андыктан, тарыхый-мурастар обьекттери жайгашкан жердин чектерин кайра карап чыгып, такталган аймакка ар кандай курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбестиги айтылды.
Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply