батырбеков

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 10-февралда НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматташуу бюросунун башчысы Александр Винников менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга НАТОнун Социалдык адаптация жана запастагы аскер кызматкерлерин кайра даярдоо боюнча программасынын жетекчиси Кристофер Штаудт менен Саясый маселелер жана коопсуздук саясаты башкармалыгынын каржылык маселелерге жооптуу кызматкери Эммануэль Хунтзингер катышты.

А.Винников Социалдык адаптация жана запастагы аскер кызматкерлерин кайра даярдоо боюнча программа, тиешелүү министрликтер менен кызматташуу тууралуу учкай кеп кылып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылы запаска бошотулган 400 аскер кызматкери кайра даярдоо курстарынан, анын ичинде бизнес курстарынан, компьютердик сабаттуулук боюнча окуудан өткөндүгү, ал эми алардын 150сү англис тили курсуна баргандыгы маалымдалды. «Биздин курстардан өткөндөрдүн 65%ынан көбү жарым жылдын ичинде квалификациялуу жакшы жумуштарды табышат»,- дейт Социалдык адаптация жана запастагы аскер кызматкерлерин кайра даярдоо боюнча программасынын жетекчиси Кристофер Штаудт.

Комитет төрагасы А.Баатырбеков Кыргызстандын запаска бошотулган аскер кызматкерлерин социалдык адаптациялоо жана кадрларды кайра даярдоо боюнча долбоордун ишке ашырылуусуна ыраазычылык билдирди. «Тараптардын кызматташуусу мындан ары дагы ушундай нукта уланышына ишенем»,-деп кошумчалады А.Баатырбеков.