Эбола1

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тараткан акыркы маалымат боюнча Эбола вирусунан өлгөндөрдүн саны Гвинея, Либерия жана Сьерра Леонеде 9 миң кишиден ашты. Ал эми жуктуруп алгандар 22525ке жетти.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын иши боюнча Агенттиги 2014-жылдын февраль айынан бери Украинанын Донбассындагы куралдуу кагылышуулардан башка жактарга баш калкалаган качкындардын саны 980 миң адамга жеткенин маалымдады. Алардын 600 миңи Орусия, Белоруссия, Молдова, Польша, Венгрия, Румыния сыяктуу жана башка өлкөлөргө орун которушкан.

Атай АЛТЫМЫШЕВ