14 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салуу аракети менен дары-дармектерге ууланды

Темирязев көчөсүндө жайгашкан үйдүн тургуну, 23 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салуу аракети менен уксус ичип алган. Химиялык күйүк алган жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
Ак-Босого конушунда күйөөсү тарабынан сабалган 25 жаштагы келин баш мээсинен жана денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылды.
Исанов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш аянтчасында иштеп жаткан 19 жаштагы жигит объекттен кулап кетип, башынан жана жаак тарабынан жаракат алды.
Термический көчөсүндө алкаголдук ичимдик ичкен абалдагы 42 жаштагы аял өз өмүрүнө кол салуу аракети менен оң колуна бычак менен жаракат келтирген. Ага окуя болгон жерде жардам көрсөтүлдү.
Саат 20:00 чамасында мас абалдагы 31 жаштагы эркек адам кокустуктан 4-кабаттын терезесинен кулап кеткен. Баш мээси чайкалган жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылды.
Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн 14 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салуу аракети менен дары-дармектерди ичип алган. Жабырлануучу №3 шаардык ооруканага жеткирилди.
Акыркы сутка ичинде жашына байланыштуу 5 өлүм катталды.

Leave a Reply