Кыргызстандын жаштар курамасы жолдоштук беттеште Катардын жаштар курамасын утуп алды
“Шериктештик Кубогу-2015” мелдешине даярдыгынын жүрүшүндө Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Катардын Доха шаарында машыгуу сборун өткөрүп жатат. Машыгуу сборунун алкагында 6-январда жаштар курамасы Катардын олимпиадалык курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрүп, 3:1 эсебинде утуп алды. Бир голду Мирбек Кудайбердиев жаратса, Фархад Мусабеков 2 голу менен айырмаланды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардан негизги курамда Андрей Шикин, Тамирлан Козубаев,Мустафа Юсупов, Акрам Умаров, Санжар Шаршеев, Бахтияр Дүйшөбеков, Мирбек Акматалиев,Мирбек Кудайбердиев, Фархад Мусабеков, Абай Боколеев жана Ахлидин Исраилов сыяктуу футболчулар ойношту.
Кошумчалай кетсек, Орусияда өтө турган “Шериктештик Кубогу-2015” мелдеши 16-январда старт алат.
Булак: super.kg
Leave a Reply