повешение

 Иордания бийликтери сот тарабынан жихадчы деп табылган эки адамды, анын бирөө аялды дарга асып жазалаганын билдирди. Бул окуя “Ислам мамлекети” тобу иордан учкучун өлтүргөндөн кийин орун алган. Аял жихадчы Сажида аль-Ришави жана Аль-Каиданын өкүлү Зияд Карболи бүгүн таң эртең менен дарга асылган. Расмийлердин айтымында, алардын экөө тең Ирактын атуулдары болгон. Мындан бир нече сааттар мурда “Ислам мамлекети” тобу иорданиялык учкуч Моаз аль ал-Касасбехтин тирүүлөй өрттөлгөнүн көрсөткөн видеосун тараткан. Ал декабрь айында Сирия аймагында “Ислам мамлекети” тобуна каршы операция учурунда учагы кыйрап, колго түшүп калган эле. Иордания Касасбехти Ришави жана башкаларга алмашуу аркылуу бошотууга аракет кылып жаткан. Сажида аль-Ришави 2005-жылы 60 кишинин өлүмүнө алып келген Аммандагы кол салууга байланышы бар деген айып менен кесилип, өлүм жазасына буйрулгандардын абагында кармалып келген болчу.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА