Доллардын кымбатташы кымбатчылыкты жаратууда
АКШнын долларынын курсу дүйнөлүк деңгээлде өсүүдө. Долларга карата суроо-талап жогорулап жатат. Бул өз кезегинде товарлардын баасынын жогорулашына алып келүүдө.
Базардагы баанын көтөрүлүшү Таласта да ачык байкала баштады. Тактап айтканда, Талас шаарынын базарларында азык-түлүк кымбаттады: чай-чамек 5 сомго, күрүч 15-20 сомго, жашылча 30-40 сомго чейин жогорулады. Койдун эти 320 сомдон, уйдун эти 330 сомдон, жылкынын эти 360 сомдон соодаланууда.
Кийим-кечелердин баасы өсүүдө. Балдардын кийим-кечелеринин мурдагы баасына 200 сомдон 400 сомго чейин кошуп сатылууда. Буга чейин 40 сомдон сатылган байпактарды эми 60 сомдон сатып алууга туура келип жатат.
Дары-дармектин баасы 5 сомдон 100 сомго чейин кымбаттады.
Соода тармагында иштеп жаткан кызматкерлердин айтканына караганда, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү мурдагы жылдардагыдай демдүү эмес. Таластын айыл чарба өндүрүшчүлөрү бир катар жылдардан бери пайданы негизинен төө буурчак өстүрүүдөн көрүп келишти. Өткөн жылы, пайдага ыктап, эгин аянттарын, көп жылдык чөп аянттарын жаз алды менен бузуп, ордуна төө буурчак айдагандар да чыкты. Былтыркы жылдын кургакчыл болушунан улам монокультурага айланган төө буурчак аянттарын сугаруу кыйындап, экинчи жагынан кыйла жылдардан бери которуштуруп айдоонун дээрлик жүргүзүлбөгөндүгүнөн төө буурчак аянттарында зыянкечтер көбөйүп, натыйжада өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүнө тескери таасирин тийгизди. Буга кошул-ташыл дүйнөлүк базарда төө буурчактын баасынын жылдагыдан кыйла төмөн болушунун айынан төө буурчак өстүрүүчүлөр күткөндөгүдөй пайда көрбөй калышты.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу


Комментарий кошуу