Диний сабаттуулукту күчөткөн китеп жарык көрдү
3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-2020- жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү концепциясын бекиткен.
Белгилүү болгондой Президент А.Атамбаевдин демилгеси менен «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Аталган фонд тарабынан гуманизм, толеранттуулук, исламдагы жана элдик каада салттагы баалуулуктарды белгилеген, Ислам дини тынчтыктын дини делинген максатты көздөгөн “Улуу имам Абу Ханифа” аттуу китеп жарыкка чыкты. Китепти түзүүчүлөр: Ш.Маматкулов, Искендер Осмон уулу, Алманбет Осмон уулу, рецензиялагандар Ч.Жалилов, А.Нарматов. Жарыкка чыккан бул эмгек диний сабаттуулуктун ачылышына зарыл экендигин бир катар дин таануучулар белгилешти. Борбордук Азия, Түркия, Индия, Пакистан, Кытай жана Орусияда жашаган мусулман элдердин көпчүлүгү Ханафий мазхабын карманышат. Ханафий мазхабы, салттык түшүнүктөрдү жокко чыгарбаганы менен айырмаланат.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу