Султаов

«Кыргызстан Бирдиктүү экономикалык аймакка киргенде кыргыз-казак чек араларында бажы органдары турбайт. Россиялык тараптан деле кандайдыр бир товарлар Кыргызстанга келе жаткан болсо, Казакстандын же Белоруссиянын чек араларынан бажы алымдарын улам-улам алып туруу шарттары жоюлат. Тагыраак айтканда, 3 ирет бажы алымдарын алууга жол берилбей, бир  гана  процедуралардан өтүү талаптары аткарылат»,- дейт депутат Марат Султанов «Парламент» радиосундагы маегинде. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди.

Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, Евразия экономикалык аймагынын алкагына келген бүт  товарлардын төлөмдөрүнүн 1,9%ы Кыргызстанга түшсүн деп белгиленип жатканы жакшы көрүнүш. Ал эми ушундай эле үлүштүн 4%га жакыны Белоруссияга, 7% Казакстанга, 1,3% Арменияга, калган бөлүгү болсо Россияга таандык деп келишилгендигин депутат кеңири түшүндүрдү.

Марат Султанов ошол эле мезгилде жогорудагы пайыздык катнаштардын улам-улам  өзгөрүп турушу да ыктымалдыгын айтып, бул багытта Өкмөт кылдат иштеп, сүйлөшүүлөрдүн айлампасын  тез-тез өткөрүп турушу керектигин да кошумчалады.