Депутат Курмантай Абдиев: “Белгилүү кыргыз жазуучусу Касымалы Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын 5 томдугу кайрадан басылып чыкты”
“Өз маалынын белгилүү классик жазуучуларынын бири Касымалы Жантөшевдин 30 жылдан бери кайра басылып чыга элек тандалган чыгармаларын кайра чыгаруу оңой иш эмес”, – дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-декабрда Жогорку Кеңештин координациялык кеңешинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Координациялык кеңештин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев Жогорку Кеңештин китепканасына К.Жантөшевдин кайрадан басылып чыккан тандалган чыгармаларынын 5 томдугун тапшырылды.
Депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы, “Эки жаш” повести сындуу бир топ чыгармалары республика аймагындагы китепканаларда дээрлик калбай калган. Аны кайра басып чыгаруу мамлекеттик иш-планга киргизилип, Өкмөттүн алдында уюштуруу комитети (курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Курмантай Абдиев, Максат Сабиров бар) түзүлгөн. Аны ишке ашырууда материалдык жактан Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков колдоого алып, Төрага фондунан каржылык көмөк көрсөткөн. Ошону менен катар, ишкер азаматтар, “Кара-Кулжа” коому дагы өз жардамын берген.
Жыйынтыгында К.Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын 5 томдугу 1000 нускада басылып чыкты. Жазуучунун тандалган чыгармаларын республика аймагындагы китеп сүйүүчүлөргө аз-аздан болсо дагы жеткирүү максатында облустук китепканаларга, мамлекеттик китепканаларга, жогорку окуу жайлардын китепканаларына таркатылды.


Комментарий кошуу