Осмоналиев1

26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Каныбек Осмоналиев КР Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Кол жазмалар фондунун кейиштүү абалына көңүл бурду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, УИАнын аталган Фонду менен Тил жана адабият институтунун кызматкерлери эбегейсиз чоң жумуш жасап жатышат. Маалыматка ылайык, Кол жазмалар фондунун 8 бөлүмү бар: “Манас” эпосу, фольклор, атайын фонд, акындык поэзия, акындар жана жазуучулар, тарых, фонетика, байыркы китептер (араб тилинде). Эл өкүлү бул маанилүү ишти мамлекет колуна алмайынча эч натыйжа болбой тургандыгына токтолду. Алардын ар бири өзүнчө бир баа жеткис казына катары баалаган депутат “Манас” эпосунун эле 80ге жакын варианты жарык көрө электигин, фонддун дээрлик көпчүлүгү кагаз же эскирген магниттик тасмалар түрүндө сакталып келе жатканын, алар жыл өткөн сайын эскирип, укаланып жоголуп кетүү коркунучу тургандыгын баса белгиледи. “Ошондуктан, мамлекет тез аранын ичинде каражат бөлүп, баардыгын санарипке өткөрүү керек”,- дейт К.Осмоналиев.

Көтөрүлгөн маселенин маанилүүлүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселени кароо боюнча Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилерин билдирди.