Депутат И.Карамушкина: “Жергиликтүү бийлик менен айылдык кеңештердин бирдиктүү иш алып баруусунда бир топ социалдык маселелер чечилүүдө”
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жумушчу сапары менен Чүй облусунун Сокулук районунда болуп, андагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышты. Аталган район борборунда жайгашкан оорукана менен бала бакчалар жогорку бийлик органдарын карап отурбастан, көйгөйлүү маселелерин жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жардамы менен чечкенге жетишкен.
Райондук ооруканада эмгектенген ак халатчандар өз каражаттарынан имараттын ички бөлмөлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрсө, жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн бюджетинен андагы Балдар бөлүмүнө балдар ойной турган атайы аянтчаны куруп беришкен.
Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде Сокулук айылында да мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын имараттары мамлекеттин карамагына өтүп, аларды оңдоп-түзөө иштерин жергиликтүү кеңештер менен айыл өкмөттөрү колго алышкан.
Быйыл район борборунда 13 бала бакча ачылса, алардын үчөө менчик болуп эсептелет. Сокулук айылдык кеңешинин төрайымы Замира Сатыкеева «Алтын балалык» бала бакчасынын концерттик залын бүткөрүүгө каражат жетпей жатканын айтып, депутаттан маселени чечүүгө жардам берүүсүн өтүндү.
Иш сапар учурунда эл өкүлү И. Карамушкина райондук китепканага китептерди белек кылды. “Бардык көйгөйлөр чечилип калды деп айтуу кыйын” деген депутат жергиликтүү бийлик менен айылдык кеңештердин бирдиктүү иш алып баруусунда бир топ социалдык маселелер чечсе болоорун билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Эркингүл Иманкожоева аталган оорукананын от казандарын жаңылоо үчүн Финансы министрлигинен каражат бөлдүрүүгө жардам беришкен.


Комментарий кошуу