Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамира Ниязалиева Нарын облусунун Жумгал районунун 80 жылдык мааракесине катышып келди. Мааракелик иш-чара композитор Муратбек Бегалиев баштаган белгилүү инсандардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл тургундарынын катышуусунда өттү деп билдирет ЖКнын Басма сөз кызматы.

Мааракелик иш-чарада депутат Д.Ниязалиева куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө 2010-жылдан кийин бир катар алгылыктуу саамалыктар болуп жаткандыгын айтты. “КР Президенти Алмазбек Атамбаев демилгелеген Өнүгүү стратегиясында приоритеттүү багыттар белгиленип, анда кирген программалар четинен аткарылып келе жатат. Маселен, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун, Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушун айтсак болот. 2017-жылга чейин стратегияда жазылган иш- чаралардын баары аткарылат деп ишенебиз”,- дейт Д.Ниязалиева.

Билим берүү жаатында 3 жылдын ичинде 74 обьект бүтүп, ишке киргендигине, 1-октябрга чейин 2014-жылы пландалган 56 обьекттин 30у бүткөрүлгөндүгүнө токтолгон эл өкүлү билим берүүнү туу тутуу менен келечекте өлкөбүз өркүндөй тургандыгына бекем ишенерин баса белгиледи.

Жумгал эли мамлекет башчысынын жүргүзүп жаткан сасясатын колдоорун айткан Д.Ниязалиева райондо болуп жаткан алгылыктуу иштерди – Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин курулушунун алгачкы капсуласынын салынышын, Миң-Куш айылы 2,7 млн сомдук жаңы эксковаторго ээ болушун, Кабак айыл аймагынын жашоочуларынын таза суу менен камсыздалышын, ушул эле айылдынҮй-бүлөлүк медициналык борбордун (ҮМБ) имаратынын жаңыртылышын, 60 орундуу “Сайнап-Уултай” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилишин, ошондой эле, Сары-Камыш айылындагы 120 орундуу жаңы курулган Кызыл-Октябрь орто мектебинин ачылышын Жумгал районунун 80 жылдыгына берилген белек катары кабыл алуу туура болорун билдирди.

ниязалиева11