букмекер1
 Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев («Ар-Намыс») букмекердик кеңселерди жабуунун ордуна аларга салыкты жогорулатууну сунуштоодо. Мындай пикирин парламенттин 24-декабрдагы отурумунда билдирди.

«Эсиңиздердеби, 2011-жылы казинолор жабылган. Бирок ал өзүнүн ишин токтоткон жок. Жаштар барып ойноп жатышат, мен ушундай эле болот деп корком», – деди ал.

Анын айтымында, салыктарды жогорулатуу керек. Анткени көп пайда алып келет. «Малайзияда чет элдиктер үчүн казино бар. «Манас» аэропортунун жанында чет элдиктер үчүн казино куруу сунушталган. Эгер бюджетке пайда алып келсе эмнеге болбосун», – деди Д.Бекешев.

Депутат мындай маселелерди эмоциясыз чечүүгө чакырды. «Жаштар азыр айфондорду жана телефондорду ойношот. Казинолордун жана букмекердик кеңселердин сайттары бар», – деди ал.