«Дүйнө сулуусу-2014» сынагына катыша турган талапкердин бири өлтүрүлдү
«Дүйнө сулуусу-2014» сынагына катыша турган талапкердин жансыз денеси табылды. Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, «Мисс Гондурас-2014» наамынын ээси, 19 жаштагы Мария Хосе Альварадо менен 23 жаштагы анын эжеси София Тринидадды акыркы жолу 13-ноябрда Санта-Барбара шаарындагы жеке кечеде көрүшкөн. Алар аталган кечеден кийин дайынсыз жоголуп, издөө жарыяланган.
Гондурастын расмийлеринин кечээ,19-ноябрдагы билдирүүсүнө ылайык, жоголгон кыздардын атылган октун белгилери бар денелери Каблоталес айылынан алыс эмес жерде Агуан дарыясынын жээгинен табылды.
Алардын өлүмү боюнча негизги шектүү тарап катары кыздардын биринин мурунку жигити Плутарко Руис жана кече өткөрүлгөн үйдүн ээси Ариса Мальдонадо кармалды, деп маалымдалат.
Ушул жылдын апрель айында «Мисс Гондурас-2014» наамына ээ болгон Мария Хосе кечээ, 19-ноябрда «Дүйнө сулуусу-2014» сынагына даярдык көрүү иштерине катышуу үчүн Лондонго бармак.
Булак: Баракелде

Комментарий кошуу