Zimbabwe31

Элдин саны көбөйгөн сайын экономикасы начар мамлекеттерге  элди багуу кыйынга турат жана мындан тышкары жарандык согуш, оорулар, ачарчылык ал мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Дүйнөдө боор оорурлук жакырчылыкта жашаган өлкөлөр бар. Ал өлкөлөрдүн көбү Африкада жайгашкан. Дүйнөнүн эң кедей мамлекеттери болуп төмөнкү өлкөлөр эсептелет:

№ 1. Демократиялык  Конго Республикасы. Биринчи орунда Демократиялык Конго Республикасы турат.  Бул өлкөдө согуш миллиондогон кишилердин жанын алып кетти,  мындан тышкары экономикасын талкалады.  4,5 миллиондогон кишилер ачарчылыктан көз жумду. Калктын жылдык кирешеси $ 348 түзөт экен. Бул көрсөткүч менен дүйнөнүн эң кедей мамлекеттердин алдыңкы сабында турат.

№ 2. Либерия мамлекети дагы бир жарандык согуштун коркунучунда. Бул өлкө Американын мамлекеттик башкаруу системасын кабыл алса да экономикасын өнүктүрүп, бекемдей албай жатканы өлкөнүн ичиндеги жарандык кагылышуулар болуп саналат экен. Калкынын жылдык кирешеси  $ 456 гана түзөт. Бул көрсөткүч менен дүйнөнүн эң кедей мамлекеттердин ичинен 2 орунда турат.

№ 3. Зимбабве. Бул өлкөдө жарандык согуш болгон эмес, экономикалык кризисте эмес. Бул Зимбабве өлкөсүндө оору күч алып, мамлекеттин өнүгүшүнө  кедергесин тийгизип келет. Оорунун айынан өмүр сүрүү боюнча  аялдардын  орто жашы 37 жаш, ал эми эркектердики 34 жашка чейин жашайт экен. Бул оорунун көбү ВИЧ жана СПИД болуп саналат. Калкынын жылдык кирешеси  $ 487 түзөт.

№ 4. Бурунди мамлекетинде  жарандык согуш бүтсө да өлүм дагы деле токтобой жатканы жанды кейитет. Өлүмдүн башкы себеби болуп жаш балдардын 57 ачкачылыктан, миңдеген кишилер СПИД оорусунан жана курсактары ачтан каза болушат. Мамлекеттик бюджетти кофени экспортто менен толтурушат. Калктын жылдык кирешеси – $ 615 түзөт.

№ 5. Соода кылып, экономикасынын өнүгүшүнө  географиялык абалы эң ыңгайлуу келген Эритрея өлкөсү жакырчылыктын күнүн баштарынан кечирип  жатат. Бул өлкөнүн тарыхына көз чаптырсак Англия менен Италиянын кол астында күн кечиришкен.  Бул эки улуу державанын алдында күн кечирсе да өздөрүнүн экономикасын чыңдай алган эмес. Калктын жылдык кирешеси  $ 735 түзөт.

№ 6. Борбордук – Африка Республикасы Алмаз, нефти жана ураны бар Борбордук-Африка Республикасында жакырчылыктын күнүн өткөрүп жатышат. Жарандар  күнүнө 1 долларга жашайт, ал эми жылдык кирешеси болгону $ 768 түзөт экен. Мындай абалдары менен  дүйнөнүн эң кедей мамлекеттердин ичинен  6 орунунда турат.

№ 10. Того, кофе, какаолорду экспорттоп, мамлекеттик бюджеттин  40%ын камсыздайт, ал эми Фосфор өндүрүшү боюнча эң  чоң өлкө болгону менен   калкынын жарымы күнүнө 1,25 долларга жашашат. Калктын жылдык кирешеси $ 899 түзөт.

№ 9. Малави, өлкөсүнүн жарандары өзүнүн мамлекетинин туткундары болуп калган. Мамлекеттин башкаруучулары коррупцияга малынып жана тышкы карыздарынын көптүгүнөн  элдин жашоо шарттары абдан начар. Бул өлкөдө жашаган элдин жылдык кирешеси $ 860 долларды түзөт.

№ 8. Сьерра-Леоне. Бүт өлкөнү  алмаз, титан жана боксит менен камсыз кылган мамлекет кедей жашашы таң калдырат. Сьерра-Леонедо жашаган калктын  70и күнүнө эки маал гана тамактын даамын татып, ачкачылыктын күнүн кечиришет экен. Бул өлкөдө жашаган жарандардын жылдык кирешеси $ 849 түзүп мындай көрүнүш менен биздин эң кедей мамлекеттердин  ичинен 8 орунун камсыздайт.

№ 7. Нигериянын жаратылыштык  ресурстары мамлекеттин бюджетин бекемдеп,  экономикасын көтөрүүгө болот эле. Бирок, мындай жыйынтык көрсөткөнгө  терс таасирин ички мамлекеттик баш аламандык тийгизип, элдин жакшы жашоо шартынын үмүтүн үзүп койгон. Калктын жылдык кирешеси $ 771 түзөт.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА