дамира

Бүгүн, 23-январда вице-премьер-министр «Алиппе ТВ» ААК – өлкөдөгү алгачкы билим берүү санариптик телеберүүдө болду.  «Алиппе ТВ» башчысы Акыл Түгөлбаевдин айтымында, долбоор эл аралык электробайланыш кеңеши жана өкмөттүн колдоосу менен ачылган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүнкү күндө бул долбоор бүткүл дүйнө жүзү боюнча мындай уникалдуу долбоор жокко эсе. Аталган берүү долбоору 2011-жылдын сентябрында түзүлгөн. Долбоордун негизинде Виноград шаарында №2-мектебинде видеосабактар түз эфирде жүргүзүлүүдө”,- деп айтты.

Берүүнүн шарттары менен таанышкан Дамира Ниязалиева, заманбап  IT-технологиясынын өнүгүүсү менен окуучуларга жаңы горизонттор ачылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, алыскы айыл аймактарында жашаган балдарга  on-line режиминде видеосабактар аркылуу билим алууга мүмкүнчүлү түзүлдү деген пикирин билдирди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА