Миллер менне

КР Президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААК Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди 30-январда кабыл алды.

Кыргызстанда жаратылыш газын геологиялык чалгындоо, ошондой эле газтранспорттук системасын өнүктүрүү максатында газ менен камсыздоо объектилерин реконструкциялоо жана куруу боюнча энергетикалык компаниянын пландары талкууланды.

“Биз өлкөнү газ менен камсыз кылууну азыркы 22%дан 60%га чейин жеткирүүнү пландаштырып жатабыз. Бул максатыбыз эсептелип чыккан жана негизделген. Жумуштар өлкөнүн 7 облусу боюнча эсептелип, кандай иштерди аткаруу керектигине чейин каралган. Ошондой эле биринчи кезекте аткарыла турган иш-чаралар, реконструкциялар жана курулуштардын планы так аныкталган. Биз Кыргызстандын газтранспорттоо тармагына киришип жатканда өлкөнүн бул тармакка беш жылдын аралыгында 20 млрд. рубль инвестициялоого милдеттенме алганбыз. Бирок биз биринчи кезекте аткара турган иш-чараларды карап чыкканда, бул жерге инвестициянын көлөмү 45,5 млрд. сом керектелээрин түшүндүк. Ошондуктан биз өзүбүзгө жогорулатылган – үч жыл аралыгында газ тармагын 45,5 млрд. сом инвестициялоо милдеттенмесин алдык”, – деп билдирди Алексей Миллер.

«Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасынын айтымында, биринчи кезектеги чаралар өлкөнүн газды бөлүштүрүү системасын реконструкциялоодо жана өнүктүрүүдө көп нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. “Инвестициялар эсептелип чыккан. Биз аларды толук көлөмдө ишке ашырууга милдеттенебиз”, – деди Алексей Миллер.

Мамлекет башчысы жана «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы ошону менен бирге Кыргызстанда жаратылыш газын абоненттерге чейин жеткирүүгө багытталган магистралдык газтүтүктөрүн куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Андан тышкары, «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстанда социалдык багыттагы программаларды ишке ашыруу боюнча компаниянын пландары тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда, тактап айтканда калкты жана өнөр жай объектилерин жеткиликтүү баадагы жаратылыш газы менен камсыз кылууда компаниянын Кыргызстанда ишинин натыйжалуулугунун маанисин баса белгиледи.