Боорукерлик, адамгерчилик деген кайда?
Редакциябызга Бишкек мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Жумалиева Айжан Кубанычбековнадан кат келип түштү. Катка көз жүгүртсөк, 2014-жылдын 26-майында Бишкек мэриясынын буйругу менен 2014-жылдын 13-майынан 15-сентябрына чейин төрөт боюнча эс алууга мүмкүнчүлүк берилген. Тилекке каршы, 2014-жылдын 8-сентябрында эмгек келишиминин негизинде Айжан Кубанычбековнаны ишинен бошотуп коюшат. Ырас эле эмгек келишими 2014-жылдын 6-сентябрына чейин түзүлгөн.
“Мен келишимимди төрөт боюнча эс алуум бүткөн соң, кайрадан узартууга барам” деп бей капар жүргөн элем. Күтүүсүз бошонгонум тууралуу билдирүү келгенде бир ишенип, бир ишеналбай турдум. Неге мени бошоткончо ашыгышты. “Бошоттук!” дешип мага билдиргендин ордуна, эгер аларда анча-мынча адамдык асыл касиет, боорукерлик болсо, телефон чалышып, ал-жайымды сурашып: “Келишимиңдин мөөнөтү бүтүп баратат, келип жообун бер”-дешсе болмок. Эч жаман ой оюмда болбогондуктан, баланы кароо боюнча эс алуу мөөнөтүм аягына чыга электигине байланыштуу ток пейил жүргөн элем.
Эненин аруу милдети бала төрөп, аны бапестеп багууда эмеспи. Баланын келечеги ак сүтүн берген энелерге тыгыз байланыштуу. Баарыбыз энеден чыкканыбызды кана канткенде танабыз?! Эненин мээриминдей, сүйүүсүндөй ыйык нерсе болбос. Эненин ордун алмаштырар атаандаштык эч качан кездешпес.
Кийинки кезде төбө чачты тик тургузган балдардын тегерегиндеги ыплас окуяларды угуп да, көрүп да жатабыз. Баланын тагдырына балта чапкандарга каргыш! Зордук, зомбулукка дуушар болуп жаткан балдардын ата-энеси жандарында болбогондуктан, караманча кароосуз калгандыктан каргаша аларды тороп жатпайбы? Баланы ар балээден коргоо, бапестеп багыш үчүн энелери ар дайым жандарында болууга тийиш. Ошондуктан иштеп жүргөн энеге декреттик эс алууну беришет. Баланы чоңойтуу оңой эмес. Келишимге шылтоолоп бошотконго шашкандар терең жаңылышат. Менимче мыйзамдан улуу адамгерчилик, боорукерлик жогору турушу керек деп ойлойм. Мындай жагымсыз окуя башка мекеме-шканаларда болсо да бир жөн. Болгондо да борбор шаарыбыздын мэриясында болуп жатышы таң калтырат. Мэрияга нечен маселе менен жардам, колдоо сурап келгендер канча? Арызданган, тиги, же бул маселелер менен кайрылгандардын тагдырын чечип, колдоо көрсөтүүчү Бишкек шаардык мэриясы минтип, өз кадрларына өгөй мамиле жасап жаткан соң, өзгөлөр деле жыргап кетпесе керек. Бала төрөп, тарбиялаган энелерге камкордук көргөндүн ордуна, ор казып жатышканы кандай? Эмгек келишимиңдин мөөнөтү бүтүп баратат, деп алдын ала эскертип коюу оорбу? Көзүмдүн жоктугунан пайдаланышып, бошотуп олтурушат. Энеге болгон мындай кастык, башка мекемелерде эмес, мэрияда болуп жатса, жыргаган экенбиз! Бул суук кабарды укканымда жан дүйнөм жабыркады. Өкүнүчтүүсү эмчегимден сүт чыкпай калды. Баланын ден соолугун чыңдоодо эне сүтүнүн ролу зор. Эмчек менен торолгон балдар ар кандай оору-сыркоолордон окчун болушат. Эмчектен эрте чыккан балдар начар, оорукчан болуп калышат. Катуу депрессиядан улам, эмчек сүтүм байып кетти.
Эске алуучу бирден-бир жагдай КРнын эмгек кодексинин 85-беренеси боюнча убактылуу эмгекке жараксыздыгы, же эс алууда жүргөндүгүнө байланыштуу бошотууга жол берилбейт. Мен төрөгөнгө чейин жана төрөттөн кийинки эс алуумдан кийин, 2014-жылдын 3-сентябрында баламды андан ары 3 жашка чейин кароо максатында акы төлөнбөөчү эмгек өргүүгө арыз берип, арызым канааттандырылган. Ушундай жүйөлүү себебим барына карашпастан эмгек келишими бүттү, деген шылтоо менен бошотуп олтурушат” деп кабатыр каттын ээси Айжан Кубанычбековна биздин редакцияга кайрылган.
Үмүт деген өчпөйт эмеспи. Айжан Кубанычбековна, бизге чейин Ленин райондук сотуна кайрылышкан , тилекке каршы сот да эмгек келишими бүткөнүнө байланыштуу туура бошотулганын, нааразы тарап кайра шаардык сотка кайрылуулары керектигин тастыктаган.
Жөнөкөй элдин эмгекке жарамдуулугун колдоп, коргоп келген Кыргызстан профсоюздар федерациясы бар. Арга кеткенде аларга да кайрылышкан. Эмгекчилердин эмгегин коргоочу бөлүмдүн башчысы В.Брейво да эмгек келишими бүткөндүгүнө байланыштуу бошотууга алардын укугу барын айтып, колдоо көрсөтө албаган.
4 баланын ардактаган, алпештеген энеси кайсы жазыгы үчүн иш ордунан бошотулуп олтурат? деген жүйөлүү суроо туулат. Балдарын бакпай көрүнгөн жерге, же агайын-тууган, тааныш билиштерине таштап, жансактоо үчүн үйүнөн безген энелердин трагедиясы бүгүнкү күндүн күрөө тамырына айланып коомчулуктун бүйүрүн кызытып жатат. Ал эми акы төлөнбөгөн эмгек эргүүсүнө кайыл болуп, баласын кабагым-кашым дебестен багып жаткан Айжан Кубанычбековнанын эмгек өргүү мөөнөтү аяктай электе, эмгек келишими бүттү, дешип, алдын ала бир ооз кабар беришпестен кызматынан бошотуп койгону кудайга жакпас. Эмгек кодексинин алашем жактарын кайрадан карап чыгууга неге болбосун. Таңгөрү, колдон келсе баланы 3 жашка чейин эмес, 5 жашка чейин тарбиялоого жол тапсак, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтсөк, абдан эле жакшы болмок. Улуттун улут болушу үчүн укум-тукумубуз көбөйүшү керек. Айжан Кубанычбековадай жаш энелерди жагымсыз жагдайга дуушар кылбай, колдосок болбойбу? Балага энелик мээрим кандай зарыл болсо, ошондой эле материалдык колдоо зарыл. Баланын ичкени, жегени, кийген кийими ж.б. муктаждыктарын чечүү кайдан жеңил болсун. Иштеген иш ордум бар, деп кенебей жүрүп иш ордунан айрылып олтурат. Эмне кылуу керек? Качан гумандуулук салтын туу тутабыз?!
Айчүрөк МАКЕШОВА
Комментарий кошуу