аферист

Бишкекте жер тилкесин сатуу боюнча алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Динара Аманжанова айыл чарбасына керектүү жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн жарандарга саткан. Учурда кармалган аялдан жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлерине же 0 554 53-83-13 телефон номуру аркылуу кайрыла алышат.

Булак: super.kg