отрав

Москвада тамактан ууланып каза тапкан Кыргызстандын жараны Мамбетакунов Кубанычбектин сөөгү бүгүн, 25-декабрда мекенине жөнөтүлөт. Орусиядан “Жүк-200дү” жөнөтүүгө керектүү каражат интернетке жарыяланган билдирүү аркылуу чогултулган. Акча каражатын чогултууга КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, ишкерлер, кыргыз жарандары көмөктөшкөн. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Эске салсак, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну, маркум Мамбетакунов Кубанычбек корпоративдик кечеде ууланып каза болгон. Анын 2 кыз, 1 уулу Нарында, ата-энесинин колунда калганы айтылган.
Булак: super.kg