кылмыш1

Бишкек шаарында 3-ноябрь күнү Тоголок Молдо – Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен табылган 6 айлык ымыркайдын энеси дале изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Белгилүү болгондой, ымыркайдын жансыз денесин эки селсаяк аял таштандылардын арасынан таап алган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ымыркай тоңуп каза болгону аныкталган. Анын жука ороого оролгону жана улуту башка экендиги гана белгилүү. Бул иш боюнча 97-беренеге (киши өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон, бирок кылмыштын бети ачыла элек”,- дейт О.Казабаев.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: super.kg