Бишкекте кыз уурдаган жаш жигиттер кармалды
Бишкекте күч колдонуп кыз уурдай качкан бейбаштар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну К.Назира, чала тааныш Эрлан аттуу жигит достору менен күч колдонуп анын сиңдиси К.Аиданы уурдап кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылып, бул боюнча Свердлов райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштеринин натыйжасында 19 жаштагы жигиттерди кармашты.
Кармалгандар – Э.Элдияр, А.Мергенбай, Ж.Элдияр, К.Элдар, Т.Сүйүнбек жана Т.Эсентур Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иликтөө иштери улантылууда.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу