Иттер1

Бишкекте иттер үчүн алгачкы кафе ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда новаторлордун бири Ислам Сатаров КирТАг маалыматтык агенттигине билдирген.

И. Сатаров ал билдирүүдө “Кийинки жылдын жай мезгилинен тарта биз Бишкекте иттер үчүн кафе ачканы жатабыз. Бул өтө деле жаңы идея эмес, ири шаарларда бул сыяктуу кафелер бар, эмнеге бизде болбошу керек? Көптөр үчүн ит – бул үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү болуп калган, алардын ээлери төрт буттуу досуна даамдуу тамактарды алып берип, чогуу эс алганды каалашат,” -дейт.Ошондой эле, анын сөзү боюнча, иттер үчүн атайын меню түзүлөт.“Иттер үчүн тамак, сөөктөр, эт да болот жана да баалары анча кымбат эмес,”-деп кошумчалаган, аталган агенттикке болочок кафенин ээси.

Мээрим Бактыбекова