нашаа1
 Бишкекте 13-күнү атайын операциянын негизинде баңги затын сактаганга шектүү Баткен районундагы айылдык кеңештердин биринин депутаты кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, Баткен районундагы айылдык кеңештердин биринин депутаты 1991-жылкы М.Р.ди жеке текшерүүдө уксус ангидридинин жытына окшош өзгөчө жытка ээ майда зат салынган полиэтилен баштыгы табылган.

Адистердин маалыматында, алынган зат 652,3 гр өлчөмүндөгү героин экендиги аныкталды.

Учурда кылмышка шектүү адам камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүүдө.