Бишкекте ачылган «Энесай кыргыздары» көргөзмөсүнөн фоторепортаж
Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде «Энесай кыргыздары» көргөзмөсү ачылды.
Анда Н.М.Мартьянов атындагы музейдин жана КР Мамлекеттик тарых музейинин фондусундагы уникалдуу археологиялык коллекциялар коюлду.
Аталган көргөзмө Кыргызстанда жарыяланган Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган иш-чаралардын алкагындагы эл аралык илимий-көргөзмө долбоору болуп эсептелет.
Н.М.Мартьянов атындагы музейден алынып келинген экспонаттар тууралуу аталган музейдин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Тимофей Ключников АКИpress агенттигине айтып берди.
«Биз бул жакка ортоңку Энесай – Минусинск аймагынан, Красноярск крайынын түштүгүнөн жана Хакасиядан табылган коллекциялардын 190дон ашуун предметин алып келдик. Бул предметтердин көпчүлүгү XIX кылымдын агында XX кылымдын башында табылган. Негизинен бул предметтер биздин эранын VI кылымынан XXIII кылымына чейин мүнөздүү», – деди Т.Ключников.
Сүрөт: АКИpress
Комментарий кошуу