кылмышкер1

Бишкекте кечээ кечинде милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин кылмышкер Александр Сояпин тарабынан атып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу  15-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуяга күнөөлүү жаран кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Эскерте кетсек, кылмышкер оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок-Молдо – Шорин көчөлөрүнүн кесилишинен 14-ноябрда саат 17:20 чамасында атып, окуя болгон жерден качып кеткен эле. Көп өтпөй колго түшкөн.
Сояпин Александр:
1972-жылы туулган, Орусиянын жараны, бир нече ирет соттолгон,
камакта отурган жеринен качып кетип, октябрь айынан бери издөөдө жүргөн.
Булак: super.kg