Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: Мамлекеттик тапшырмалар партиялык кызыкчылыктан жогору турат
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2014-жылдын жыйынтыгы, ишмердүүлүгү жана канааттанбаган, анын көзөмөлүндө турган ведомстволор боюнча өткөн аптанын соңунда, маалымат жыйын өткөрдү. 2014-жылдагы аткарган жумуштары жана 2015-жылдарга карата пландары тууралуу да маалымат берди. Жыйында айыл-чарба, калктын жалпы катталуусу боюнча жүрүп жаткан биометрикалык каттоо, жеңилдетилген насыялар жана жалпы акимдердин иши боюнча сөз кылды. Биринчи вице-премьердин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматы планды ашыгы менен аткарган.
Кургакчылыкка карабастан түшүм жогору болду
Т.Сарпашевдин маалыматы боюнча, өтүп кеткен 2014-жылы айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 187 млрд. 675 млн. сомду түздү. 2014-жылы мал чарбачылыгында мурдагы жылдарга салыштырмалуу 103,4 пайызга өсүш болгон. Ал эми өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 84 млрд. 801 сомду түзгөн. Анын айтымында, өтүп кеткен жыл кургакчыл болгондуктан, түшүм алуу мурунку жылга салыштырмалуу аз болду. Алсак, өсүү деңгээли боюнча 95,4 пайызды, же болбосо 99 млрд.152 млн. сомду түзгөн. Былтыркы жылы жаз жана жай айларында 40 пайыз сугат суу жетишпесе, жыйноо мезгилинде кардын эрте жааганы бир топ зыянын тийгизген. Ошондой кыйынчылыктарга карабастан, өтүп кеткен жылы айыл чарбасында эң негизги болуп эсептелген картошка, пияз, сабиз, кант кызылчасы, пахта, күрүч, төө буурчак өңдүү өсүмдүктөрдүн түшүмү көбүрөөк өндүрүлгөндүгүн баса белгиледи.
Биометрикалык каттоо боюнча Ош, Баткен облустары алдыда
Өлкө аймагында 2015-жылдын апрель айында жалпы калктын биометрикалык маалыматтарын топтоо аяктайт. Кыргызстандын жарандарын биометрикалык маалыматын каттоо стратегиялык багыт болуп эсептелет. Биометрикалык каттоо 2014-жылдын май айынан тартып башталган. 2015-жылдын январь айына карата 2 млн. 41 миң адам каттоодон өткөн. Биометрикалык каттоо боюнча, Ош жана Баткен облустары алдыңкы орунда. Ал эми Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 15-январында калктын 50 пайыздан ашыгы каттоодон өткөндүгү аныкталды. Учурда биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча бошогон жабдуулар Бишкекке жөнөтүлүүдө. Ал эми Бишкек шаары боюнча ала турган болсок, каттоо боюнча 110 пункт иш алып барат. Жакынкы убактарда алардын саны 200гө жетет. Апрель айында Кыргызстандын аймактары аныкталса, Бишкек шаары жана Чүй облусу менен жеке иштешебиз, – дейт биринчи-вице-премьер-министр. Кыргызстанда 2ден паспорту бар 2,5 миңден ашык жаран аныкталды. Бул сан 30 миңге чейин жетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Жарандар фамилияларын өзгөртүп, мыйзамсыз ыкмалар менен паспорт алышууда, биометрикалык каттоо бул жөнөкөй тапшырма эмес, – деп белгиледи ал. Өлкө аймагында каттоо жыйынтыкталып бүткөн соң, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Орусиянын чоң шаарларына чыгаарын кошумчалады Т.Сарпашев.
Жеңилдетилген насыялардын жардамы тийүүдө
2014-жылы дыйкандар жана фермерлер, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн атайын жеңилдетилген насыялардын көлөмү 5 млрд. 284 млн. 900 миң сомду түзгөн. Анда өсүмдүктөргө 404 млн. 400 миң сом, мал чарбачылыгына 4 млрд. 110 млн. 100 миң сом жана кайра иштетүүгө 734 млн. 600 миң сом берилди. Анын айтымында, бул берилген насыялар малдын санын көбөйтүүгө түрткү болгон. Мүйүздүү малдын саны 2013-жылы 1 млн. 367 миңди түзсө, бүгүнкү күнү 1 млн. 426 миңден ашты. Мындан сырткары, майда жандыктар – кой, эчкинин саны 5 млн. 423 миңден 5 млн. 717 миңге чейин өстү. Ал эми жылкынын башы 398 миңден 426 миңге чейин көбөйгөн.
Айыл-чарба министри катуу сынга алынды
Айыл-чарба министри премьер-министр менен жолугушуп, ведомствонун иши катуу сынга алынды, – деп белгиледи Т.Сарпашев. Ал сынды толугу менен мойнуна алып, оптимизация керек экендигин, бардык эскертүүлөрдүн үстүндө иштей тургандыктарын белгиледи. Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Айыл-чарба министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алып, министрликтин ишинде оптималдаштыруу жетишсиз экендигин жана сапатсыз нормалык укуктук актылардын даярдалгандыгын, министрликтеги тиешелүү кызматтардын начар иштеп жаткандыгына токтолгон. Ошону менен бирге, ага сөгүш жарыялоону сунуштап, кадрдык жактан тазалоо керектигин айткан.
Т.Сарпашев айдын аягында начар иштеген акимдер менен Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүн иштен кетирүүнү убада кылды. Ушул эле январь айынын аягында Өкмөт бардык акимдер менен Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрөт. Начар иштегендер кызматтан бошотулат. Мамлекеттик тапшырмалар кандайдыр бир партиянын кызыкчылыгынан жогору турат”,- дейт Т.Сарпашев.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарий кошуу