дамира

Бири-биринин ишин кайталаган ведомстволор көп экенин байкадым, – деди премьер-министр Дамира Ниязалиева. Акимчиликте, милицияда, министрликтерде балдардын укугун коргоо боюнча кандайдыр бир департаменттер, комиссиялар бар, бирок алардын конкреттүү иштебегенинен балдарга карата зордук-зомбулук күчөдү. Ишеним телефону дегенге атайын чалып көрсөм иштебейт экен. Иштебеген үчүн элдин ишеними кетти. Эч ким азыр балдар менен конкреттүү иштебей жатат. Мекеме-ишканалардын бирдиктүү аракети жок болгондуктан натыйжа да жок. Качан гана кырсык басканда баарыбыз чуркап калабыз, – деди Дамира Ниязалиева.

Сымбат Максутова