Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети балдарды зордук зомбулуктан коргоо боюнча координациялоочу кеңешме түзүүнү Өкмөткө тапшырды
16-декабрда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети «Жалпы билим берүүнүн актуалдуу проблемалары жөнүндө» Парламенттик угуулардын «Зомбулуксуз мектеп» аттуу тарбиялык иштер боюнча программаны ишке киргизүү сунуштарынын аткарылышын талкуулоо үчүн көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын №33-мектебинде өткөн көчмө жыйында Парламенттик угуудагы «Зомбулуксуз мектеп» аттуу тарбиялык программаны иш тажрыйбага киргизүү сунуштарынын аткарылышы боюнчаКыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Токтокан Боромбаева, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтокан Ашымбаева КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Эркин Баев, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев, КР Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова, КР Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев жана Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мээрманова жасап жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.
Акыйкатчынын орун басары Т.Боромбаеванын айтымында, чет өклөлүк тажрыйбаларды иликтеп, курамына жогоруда аталган министрлер кирген жетектөөчү комитет түзүлүп, бул багытта иш алпаруу боюнча меморандум кабыл алынып, анын негизинде «Зордук-зомбулуксуз мектеп» атуу тарбия берүүчү программа иштеп чыгып, ишке ашыруу жагын колго алынган. Ошондой эле Кыргыз билими берүү академиясы менен «Зордук-зомбулуксуз мектеп» атуу тарбия берүүчү программасын мектептерде окутуунун методикасы макулдашылып иштелип чыккан. Азыркы тапта 38 мектепте бул программа сыноодон өткөрүлгөн. Программада коопсуз билим берүү жагдайын түзүү максаты, мектеп окуучуларынын зомбулуктан коргоочу чаралар боюнча маалымдуулугун арттыруу милдети коюлган. Эми калган мектептерге дагы бул программаны киргизүү планы бар. Анын негизинде зордук-зомбулук жоюлган мектептерге тиешелүү сертификаттар тапшырылмакчы. Т.Боромбаева бул маселени Өкмөттүк деңгээлде жөнгө салуу зарылдыгын билдирди.
Талкууда комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигинин жалпы отчетун, анын ичинде мектептерде зордук зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жасалып жаткан иштери тууралуу маалыматын 4 жылдан ала албай келе жатканын, бул жаатта Жогорку Кеңеш Парламенттик угуу сындуу бир катар иш-чараларды өткөргөндүгүн айтып, бул ишти колго алган «Балдарда коргоо лигасы» бейөкмөт уюмуна ыраазычылыгын билдирди.
«Зомбулуксуз мектеп» тарбиялык программа каражатты, мыйзамга толуктоолорду талап кылбай тургандыгын депутат Роза Акназарова тактады. Көтөрүлгөн көйгөйлөр көтөрүлгөн боюнча сөз болуп эле калып калып жаткандыгын сынга алган депутат Карамат Орозова мектептерге аталган программаны киргизүүнү сунуштап, зомбулук кылуу фактысынын үстүнөн гана иш алпарбай, Ички иштер министрлиги алдын алуу боюнча дагы алектенсе деген пикирин ортого салды. К.Орозованын айтымында, бул маселени Өкмөттүн социалдык тармакты тейлеген вице-премьер-министринин деңгээлинде көзөмөлгө алуусу керек. Мындай пикирди депутат Наталья Никитенко дагы улады.
Аталган көйгөйлөр боюнча айтылган маалыматтардан кийин ар бир министрлик өз өзүнчө эле иш алпарып жаткандай. Бул көйгөйгө комплекстүү мамиле жасап, координациялоо жоктугу көрүнүп турат. Мындай пикир менен чыккан депутат Элмира Иманалиева дагы “Координациялоону тиешелүү вице-премьер министр жүргүзүшү керек”,- дейт.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мектептерде окуучуларды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө токтом кабыл алууну жана балдарды зордук зомбулуктан коргоо боюнча координациялоочу кеңешме түзүүнү Өкмөткө табыштады. Ошону менен катар Билим берүү, илим министрлигине окуучуларды, өспүрүмдөрдү тарбяилоо жана аларды зордук-зомбулуктун баардык түрлөрүнөн коргоо боюнча концепция иштеп чыгып, кабыл алуу жагы белгиленди.


Комментарий кошуу