-

Баткенде кыйноо боюнча айыпталып жатышкан милиция кызматкерлери кызматтан алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын сегиз кызматкери кылмышка шектелип кармалган жаранды кыйноого алышкан. Мындан улам алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Учурда иш соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Булак: super.kg