Баткен райондук соту жаңы имараттуу болот
Өткөн жумада Баткен райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалы түптөлдү. Бул аземге КРнын Өкмөтүнүнү Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков, облустук соттун төрагасы С.Карабаев, облустун прокурору Л.Жумабаевдер катышышты. Эске сала кетсек, мындан 60 жыл мурда курулган райондук соттун имаратынын эскилиги жетип, дубалдары көчө баштаган болчу. Эми жарым кылым кызмат кылган бул имаратты жаңылоо үчүн КРнын Өкмөтүнөн 5 млн. 200 миң сом бөлүнүп, курулушту Гапар Матказыев жетектеген «Ариет» ишканасы курмай болду.
Адыл АКМАТОВ, Баткен облусу


Комментарий кошуу