Балдарга карата зордук-зомбулукка каршы бекем туралы!
Төбө чачты тик тургузуп, жүрөк титиреткен окуя дагы бир жолу кайталанды. Эки жаштагы бала буту чуркап баскандан бөлөк кишиге эмне жамандык кылат?! Тили да так чыга элек маал. Анын бойтоңдоп ойноп турганы эле канча ырахат. Таш боорлордун колунда калган байкуш бөбөк…
Ооруканага таштап, кабар алган эмес
1973-жылы туулган Сокулук районунун тургуну Т.Н. эки жыл мурда аялы менен ажырашканда 2 айлык баласы анын колунда калган. Кудай энеден баланы ажыратпасын. Эненин мээрими жок өсүп, 2 жашка чыккан наристени 5-ноябрда атасы узак убакытка дабаатка кетип жатканда 1968-жылы туулган аталаш агасы Т.Ж.дан бага туруусун өтүнгөн. 46 жаштагы аталаш агасынын 5 кызы болгон. Катуу сабалып, денеси көгала, оозу жырылган, башы жарылган, эс-учу жоголгон эки жашар бала 10-январда түн ортосунда Бишкек шаарындагы № 3 балдар ооруканасына түшкөн. Врачтарга Т.Ж. анын атасы экенин, Аламүдүн районундагы Озерное айылынан келгенин айтып кете берген. Ошондон кийин баланын акыбалын билүү үчүн кайрылып ооруканага келген эмес. Ошол түнү баланын өз атасына телефон чалып, уулу тепкичтен кулап кеткенин жана денесине жаракат алганын кабарлаган. Эртеси, 11-январь күнү бул окуя боюнча Бишкек шаардык балдар ооруканасы Аламүдүн райондук ИИБге билдирген.
Шектүү кармалды
Баланы ооруканага таштап кеткен адам милиция тарабынан кармалып, 14-январда камакка алынды. Баланын өз атасы агасына карата даттануу арызын жаза элек, кылмыш иши факты боюнча ачылды. Ага КЖКнын 104-беренеси – ден соолукка атайылап залал келтирүү жана 130-беренеси – сексуалдык мүнөздө күч колдонуу боюнча кылмыш иштери козголду. Шектүү адам баланы уруп-сабаганын мойнуна алды, бирок зордуктаганын танууда. Баланын зордукталганы боюнча медэкспертиза дайындалып, азыр ишин жүргүзүүдө. Кечээ кечинде шектүү адамдын жубайы да камакка алынды.
Запкы жеген наристелер арбыды
Бул окуя коомчулукту бир силкинтип алды. Далай энелер көз жашын төктү. №3 балдар ооруканасынын реанимациясына барып, жүрөгүбүз сыздап, ыйлап турдук. №3 балдар ооруканасынын башкы врачы Талант Өмүрбеков балдар ооруканасына 2014-жылы 52 бала запкы жеп түшкөнүн, анын жетөө зордукталганын айтты. 2013-жылы алардын саны 47 болсо, 2015-жыл жаңыраар менен дароо экөө түшүп олтурат. Демек, мындай окуялардын саны өсүп баратат. Балдардын запкы жеши, зордукталышы, сабалышы, ата-эне мээриминен өксүшү боюнча коомчулукка катуу коңгуроо кагуу учурдун талабына айланып олтурат. 2 жаштан 12 жашка чейинки балдардын чоң адамдар тарабынан катуу сабалып, зордукталып, кордолгону көбүнчө өзү бакпай, туугандарына таштап мигрант болуп башка өлкөлөргө кеткен үй-бүлөлөрдөн чыгууда. Мурун “Балдар – биздин келечегибиз!” деген сөздөр көчөлөргө бадырайта илинип, балдарды камкордукка алуу боюнча программалар иштечү. Азыр алар кайда?
Бул окуя Президентти да түйшөлттү
Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Президент А.Атамбаев Өкмөткө тапшырма берип, тез аранын ичинде координацияланган иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу керектигин тапшырды. Президент Аламүдүн районунун Озерное айылынан кордолуп келип, комада жаткан 2 жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга врачтар бардык аракеттерин жумшоосу жана милиция бул кылмыштын чыгышын тыкыр иликтеп чыгуулары керектигин билдирди. “Ооруканага сабалып, зордукталып түшүп жаткан балдардын саны өсүп баратканын билгенден кийин мамлекеттик органдар мындай коркунучтуу тенденцияга каршы туруу үчүн анын жолдорун жана каражаттарын издеп чыгууга милдеттүү болчу. Эми иш-чаралардын комплекси – зордукчулардын мамилесине катуу каршы турган жана үй-бүлөдөгү кордолуулардын себебин аныктаган мыйзамдар керек”, – деди Президент. Буга чейин болуп келген тескери тажрыйбаларды, мисалы запкы жеген балдардын туугандары зордукчуну коргоого чыккан көрүнүштөрдү эске алып, бир канча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, зордукчулукка каршы чыдам түгөнүп баратканын коомчулуктун аң-сезимине киргизүү керектиги жөнүндө да айтылды. “Балдар толугу менен мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн камкордугунда, коргоосунда болушу керек. Балдарга аяр мамиле кылуу, алардын ден соолугуна жана келечегине кам көрүү менен биз эркин жана өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз”,- деди А.Атамбаев.
Мыйзамчылар эмне дейт?
Наристелердин зордолушу, зордукталышы боюнча мыйзам долбоорлорун жазып жүргөн ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу: “2014-жылдын башында педофилия менен жазалангандар 20 жылдан кем эмес же өмүр бою соттолсун жана аларга мунапыс болбосун деген сунуштарым өттү да, алар түрмөдөн чыгаарына 6 ай калганда химиялык жактан бычылыш керек деген сунушум өтпөй калды. Аны азыр кайрадан киргизип жатам. Дагы бир – жашы жете элек балдар кечки 10дон кийин сыртка чыкпасын, эгер зарыл болсо ата-эненин же тууганынын коштоосу менен чыксын деген мыйзамды киргизип жатабыз. Биздин мамлекет Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык биримдикке кирди, эми биз мигранттарга балдарын чогуу алып кетип, ошол иштеген жеринде мектептерге, бала бакчаларга берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүнү суранышыбыз керек. Союздан кийин мектептен мугалимдер кетип, ата-энелер балдарын таштап, баалуулуктар менен бир муунду жок кылдык. Азыркы өскөн муундун көбү китеп окубаган, жеңил-желпи оюн-зоокко азгырылган интернет балдары болуп чыгышты. Биз муну менен Кыргызстандын мекенчил муунунан кур калабыз. Билимсиз, караңгы адамдар жаңы мамлекетти кура албайт. Балдарга карата зордук-зомбулук көбөйдү. Статистиканы карасак, жылына эмес, айына, жумасына балдарга кол салуу көп. Бул жерде бөлөк адамдар эмес, баланын эле туугандары, атасы, таятасы, таякеси, жээни кол салууда. Бул ыймандын жоктугунан. 2012-жылы мектептерге ыйман сабагын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдасак, мурдагы Билим берүү жана илим министри муну четке каккан. Мектептерге ыйман сабагын киргизмейин, балдарга туура тарбия болбойт. Ыйман сабагында балдардын ата-энеге мамилеси, баланын балага, кыздын кызга, коомго, айлана-чөйрөгө мамилеси окутулмак”, – дейт.
Балдардын таза жан дүйнөсүн тебелеп, баео сезимин булгаган зөөкүрлөргө каршы жапа тырмак аракет кылбасак болбойт. Биз балдар темасы боюнча дагы иликтөөлөрдү билдирип турмакчыбыз.
P.S. Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында чоң адамдардан, көбүнесе өз жакындарынан жабыркап түшкөн мындай балдардын саны акыркы убакта кыйла көбөйүп кетти. Көп учурда дары-дармек жетишпей, акча каражаты жагынан да аксап калышууда. Оорукананын анестезия, реанимация жана токсикология бөлүмүндө оорулуу балдарга өз ыктыяры менен жардам бергиси келгендер үчүн кутуча турат. Каалоочулар ал кутучага жардамдарын калтырып кетсе болот. Зомбулуктан жабыркаган бул эки жашар балага, буга окшогон көптөгөн башка балдарга да жардам бере алабыз.
Албетте, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу эң негизги чара болуп эсептелет. Ошондуктан, кошуна-колоң, тааныш-билиш, жакындарыңар балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүп жаткан болсо, четте кайдыгер болуп карап турбастан, дароо социалдык кызматтарга, милицияга, же жок дегенде маалымат каражаттарына билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз! Наристелердин өмүрүн сактап калуу кайдыгерликке жол бербеген коомдун колунда.
Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу