Балбай Алагушовдун ысымы ыйгарылды
Тоңдун Ак-Сай айылындагы маданият үйүнө кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, эл артисти Балбай Алагушовдун ысымы ыйгарылды
Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Ак-Сай (мурунку Кызыл-Дөбө) айылында белгилүү комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.
1959-65-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болгон. 1965-85-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу бөлүмчөсүндө (сектор) илимий кызматкер болгон. 1985-1998-жылдары «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген. Алагушов 1997-жылдын 7-июнунан тартып «Азаттык үналгысы» аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорун, акындарын, ырчыларын, күүчүлөрүн, комузчуларын, кыякчыларын жана алардын көөнөргүс мурасын калайыкка тааныштырып, алар тууралуу эл сабатын кеңейтип келет. Балбай Алагушов Кыргыз Улуттук Журналисттер жана Жазуучулар бирикмелеринин, Кыргызстан композиторлор бирикмесинин мүчөсү. «Кыргыз музыкасы ( энциклопедия)» жана башка элүүдөй китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору. Ошондой эле, Б.Алагушов бир нече Ардак грамоталардын жана «Даңк» медалынын ээси. Ал эми 2011-жылы эл артисти деген ардактуу наам тапшырылган.
Булак: Turmush


Комментарий кошуу