Айзада Марат кызы АКШдагы Гарвард университетинде магистратурада билим алып жатат. Ал өткөн жылы кыргызстандыктар Гарвард, Оксфорд же башка белгилүү окуу жайларга өтүшү кыйын же мүмкүн эмес деген стереотиптерди сындырып, бул окуу жайга өз күчү менен өткөн.

Айзада Марат кызы

Айзада Марат кызы

 Айзада “Азаттыкка” өзүнүн окуусу жана  дүйнөгө белгилүү окуу жайга кантип өтүү тууралуу ойлору менен бөлүштү.

“Азаттык”: Айзада, Гарвард университетиндеги алгачкы жарым жылыңыз кандай өттү? Бардыгы сиз элестетип баргандай болдубу?

Айзада Марат кызы: Жарым жыл тез эле өттү. Сабактар абдан кызыктуу өтөт, профессорлор күчтүү. Алгач келгенде эле бизге бул жакта сабактар Сократ ыкмасы менен өтүлөрүн айтышып, таң калбоого чакырышкан. Ал ыкма боюнча сабактын он пайызын мугалим сүйлөсө, калган убакытты студенттер толтурат экен. Канчалык көп тапшырма берилбесин, студенттер сабакка даяр келишет. Үйгө берилген тапшырманы анализ кылып, чогуу талкуулайбыз. Кыргызстандагыдай мугалим баарын айтып берип, эртеси күнү аны кайра студент кайталап бермей деген жок. Биринчи семестрде “Юристтердин профессионалдык этикасы”, “Конституциялык укук” деген сабактарды алдым. Бул жакта юристтердин этикасына абдан чоң маани берилет. “Кардарлар менен кандай сүйлөшүү керек, юрист өзү мыйзам бузса эмне кылуу керек?” деген сыяктуу нерселерди үйрөтөт.

Кыргызстанда да юристтердин этикасына чоң маани берилсе, ушул сабакты мыкты профессорлор окутса, өлкөбүз үчүн абдан жакшы болмок деп ойлойм. Негизи ар бир сабагымдан өзүмө керектүү пайда алдым. Чогуу окуган тайпалаштарым да абдан билимдүү, дүйнө таанымы өтө кеңири адамдар. Маселен, Египеттен келген группалашым жети жыл Каирде прокурор болуп иштеп, Мубарактын соттук иштерине катышкан экен. Бирге окугандардын арасында Сеулда, Сингапурда, Европанын эл аралык сотунда бир нече жыл прокурор болуп иштеген адамдар бар. Алардан да көп нерселерди үйрөнөм. Ошондуктан биринчи жарым жылым кызыктуу өттү десем жаңылышпайм.

“Азаттык”: Социалдык тармактардагы өз баракчаларыңызга тиги же бул атактуу инсандар келип, лекция окушту деп жазып каласыз. Алардын ичинен кимиси сизге өзгөчө таасир калтырды?

Айзада Марат кызы: Бизге көп белгилүү инсандар келип, лекция окушат. Алардын ичинен мага өзгөчө таасир калтыргандары АКШ Жогорку Сотунун судьясы Елена Каган жана Вашингтон штатынын мурдагы губернатору Кристиан Греуар айымдар болушту. Елена Каган өзү Гарвардды аяктаган, кийин ушул эле окуу жайга кайтып келип, юриспруденция факультетин жетектеген алгачкы аял декан болгон. Университетте иштеп жүргөндө чоң өзгөртүүлөрдү киргизген экен. Экөө тең өз ийгилик сырлары менен бөлүшүп, АКШ да деле аялдар үчүн чоң ийгиликтерге жетишүү оор экенин айтышты. Ошондой эле алар өзүң ийгиликке жетишкен соң башка кыздарга да үлгү болуп, аларга кандайдыр бир деңгээлде түрткү болуш керек деген ою менен бөлүштү.

“Азаттык”: Гарвардда окуу жеңил эмес экенин башында эле билгенсиз да, окуудан сырткары дагы эмне оор болду сиз үчүн?

Айзада Марат кызы: Башында бардыгына жетишип, убактымды туура бөлүштүрүү кыйын болду. Бул жакта талап абдан күчтүү. Кечке китепканада даярданып, өздүк дисциплинаны абдан катуу кармаш керек. Азыр көнүп калдым. Уктаганга да, окуума даярданганга да, ар кандай маданий иш – чараларга да, сабактан тышкары курстарга катышууга да убакыт тапкан оңой эле болуп калды. Негизинен өтө кыйын деле болгон жок. Себеби мен Кыргызстанда эле көп иштеп көнүп алыптырмын. Албетте экзамен убагында бир аз оор болду.

“Азаттык”: Кыргызстандык көпчүлүк жаштар чет өлкөдө билим алууга кызыгат. Окууга өтүү боюнча кеңеш сурап, кайрылгандардын саны көп болсо керек?

Айзада Марат кызы: Кыргызстандан көп эле “биз сиз менен сыймыктанабыз, мен да окугум келет” деп жазышат. Мен да “рахмат, оку, тырыш. Жардам керек болсо айт” деп жооп берем. Ошону менен эле токтоп калышат. Балким мен тууралуу окуганда аларда мотивация пайда болуп, анан жоголуп кетет окшойт. Мага чын эле тапшырам дегендерден үч-төрт киши жазды. Алардын эсселерин карап, кеңештеримди айтып, документтерин толтурууда жардам бергенге аракет кылдым. Төртөө тең тапшырды. Кайрылгандардын баарына эле жооп бергенге аракет кылам. Мага Казакстандан көбүрөөк жазышты. Эсселерин жиберишти.

Айзада Марат кызыАйзада Марат кызы

Байкаганым, алардын жазган эсселери, жалпы даярдыктары кыргызстандыктарга салыштырмалуу күчтүүрөөк экен. Быйыл бизден үчөө же төртөө өтүп, окуп калат деген үмүттөмүн. Кыргызстандык дагы бир кыз Гарварддын бизнес-мектебине өттү. Аты Мээрим. Ал Колумбия университетин аяктаган. Биздин өлкөдөн көп эле адамдар Гарвардда окуса жакшы болбойт беле. Мен кээде башка өлкөдөн канча адам окуп жатканын көрүп, Кыргызстандан жалгыз экениме өкүнөм. Менимче Гарвардда канча көп адам билип алса, өлкө үчүн ошончолук жакшы болот. Окуумду аяктагандан кийин бул жакта бир аз иштесем деп жатам. Теория эле билбестен, практикадан өтүп, баарын иш жүзүндө көргүм келет. Мен сөзсүз Кыргызстанга барам. Ушул мүмкүнчүлүктөр мага берилип жаткандан кийин, демек мен өлкөм үчүн бир нерсе кылышым керек. Бул жакта окуган башка мекендештер менен жолугуп турам, алардын баары эле Кыргызстанга кайтабыз дешет.

“Азаттык”: Гарвардга өтүүнү кыялдангандарга кеңеш бере кетсеңиз, жол-жобосу кандай? Даярдыкты эмнеден баштоо керек?

Айзада Марат кызы: Сөзсүз түрдө англис тилин билүү керек. Андан соң эгер Гарвардга тапшырууну кааласаңар, анда алгач кайсы багытта билим алууну көздөп жатканыңарды аныктап алуу керек, маселен юриспруденция, бизнес, медицина жана башка. Анан университеттин сайтына кирсеңер эле ал жакта бардык талаптар ачык-айкын жазылган. Ошол жерде жазылгандардын баарын көбөйтүү жадыбалындай жаттап, кагазга жазып алып эле, биринчисинен акыркы пунктуна чейин аткаруу зарыл. Ошондой эле Гарварддан башка Mассачусетс технологиялык университети, Колумбия университети сыяктуу дүйнөгө таанымал окуу жайларда окуган кыргызстандыктар бар. Алардын баары эле кайрылса жардам берүүгө даяр. Эң негизгиси тартынбаш керек. Албетте, түшүнөм айрым адамдардын англис тили анча болбошу мүмкүн, ошентсе да үйрөнүп, аракет кылуусу кажет. Адам баласынын колунан баары келет. Бир же жарым жыл ичинде даярданып, өтүү мүмкүн. Коркпогула, башка мекендештериңиздин колунан келген соң сиздикинен да келет. Аракет кылып, кыялды жүзөгө ашырууга умтулуу керек.

Гарвард университети (Harvard University) – АКШдагы жана дүйнөдөгү эң белгилүү университеттердин бири, Массачусетс штатынын Бостон шаарында жайгашкан. 1636-жылы негизделген Гарвардда АКШнын сегиз президенти окуган.