Айыл-чарба министри катуу сынга алынды
Бүгүн, 16-январда өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүгү менен канааттанбаган жана анын көзөмөлүндө турган ведомстволорду атады. Мамлекеттик каттоо кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматы планды алдын-ала ашыкча аткаргандыгын билдирди. Ал эми айыл чарба тармагына токтоло турган болсок, Айыл-чарба министри премьер-минстр менен жолугушуп, ведомствонун иши катуу сынга алынгандыгын белгиледи. Ал сынды толугу менен мойнуна алып, оптимизация керек экендигин, бардык эскертүүлөрдүн үстүндө иштей тургандыктарын белгиледи. Буга чейин дагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Айыл-чарба министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алып, министрликтин ишинде оптималдаштыруу жетишсиз экендигин жана сапатсыз нормалык укуктук актылардын даярдалгандыгын, министрликтеги тиешелүү кызматтардын начар иштеп жаткандыгына токтолгон. Ошону менен бирге, ал сөгүш жарыялап, кадрдык жактан тазалоо керектигин айткан.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарий кошуу