Аял аялды жакшы түшүнөт
Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Ноокат районундагы жергиликтүү кеңештин депутат аялдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтыбаева Айнуру менен жолугушууда жер-жерлердеги социалдык обьектилердин курулушу: мектеп, бала бакча, таза суу, жолдорду оңдоо жана электр энергиясы кыскасы, өздөрү жашап, күбө болгон орчундуу маселелер жөнүндө ойлорун ортого салышты. Депутат аялдардын активдүүлүгүнө, элдин кызыкчылыгы үчүн талыкпай эмгектене берүүгө чакырып, эл өкүлү А.Алтыбаева жыйырма чакты аялга, коомдук активисттерге “Даткайым” төш белгисин тапшырды.
Ризван Исмаилова


Комментарий кошуу