пистолет

Асанбай кичи районунда бүгүн эртең менен кылмыштуу топтун мүчөсү, 1974-жылы туулган Ильяз Абдыкадыровду үйүнүн жанынан атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3 ок тийген кылмыштуу топтун мүчөсүнө учурда №4-шаардык ооруканада операция жасалууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштуу топтун мүчөсүн Лексус 570 же Тойота Лэнд Крузэр үлгүсүндөгү унаадан аткылашкан. Учурда шаарда бул окуя боюнча кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы жүрүүдө. Булак: super.kg