Амантур Акматалиевдин мааракесине арналган иш-чара
КР УИАнын чакан жыйын залында, 2014-жылдын 5-декабрында саат 10.00до чыгаан агартуучу, журналист жана көркөм өнөр таануучу, этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиевдин (1934-2002) 80 жылдыгына арналган «Кыргыз элинин каада-салттары жана маданияты» аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өтөт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, акын Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев, Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов, “Кыял” улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин жетекчиси С.Макашев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, профессор Аскар Беделбаев, Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 Элдик көркөм өнөрчүлүк лицейинин мүдүрү Тамара Сакеева, Билим, илим жана маданият министрликтеринен өкүлдөркатышат.
Иш-чарада илимпоздордун Амантур Акматалиевдин кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын сактап калууда, аны жайылтууда ролу, этнографиялык изилдөөлөрдүн башаты боло турган материалдарды жыйноодогу эмгеги жөнүндө баяндамалар окулат. Бул тууралуу КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү маалымдады.


Комментарий кошуу