Алина ШАИКОВА Мамкаттоо кызматынын төрайымы: “35 миң жаран биометрикалык маалыматты тапшырышты”
Бүгүн, 14 ноябрда-Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясы жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иштери жана 2015-жылдагы Парламенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Мамкаттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнар Журабаева маалыматтар менен тааныштырды. Мамкаттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын маалыматы боюнча 35 миң киши биометрикалык маалыматын тапшырган.
Биометрикалык маалыматка 230 млн сом бөлүнгөн
Президент Алмазбек Атамбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге биометрикалык маалыматтарды келерки жылдын 1-июлуна чейин чогултуп бүтүүнү, антпесе шайлоо өткөрүүгө жооптуу кишилердин баары кызматтан алынарын эскерткен. 16-майдан тарта Кыргыз өкмөтү өнөктүктү аткарууга киришкен. Мамкаттоо кызматынын маалыматына таянып айта турган болсок, үч миллион кишинин 35 миң биометрикалык маалыматы тапшырылган. Бюджеттен 230 млн сом бөлүнүп берилген.
Депутат Чолпон Султанбекова Т.Сарпашевдин отурумга катышпагандыгына нааразычылыгын билдирди
«Мен дискуссия, шайлоого болгон даярдыктарды талкуу болот деп ойлогом. Биометрикалык долбоорду ишке ашыруу боюнча убакыт жетеби, болгону 7-8 ай убакыт калды, ал эми катталган жарандардын саны аз», – деген Ч.Султанбекова, эгерде маалымат жөн эле угула турган болсо, анда кагазды өзүбүз деле окуп алмакпыз, деп кошумчалады. Талкуунун жыйынтыгы менен 14 декабрда Т.Сарпашевдин катышуусунда кеңейтилген отурум өткөрүү, ал эми бүгүнкү отурумда Мамкаттоо менен БШКнын маалыматын угуу чечими чыгарылды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу