Ала-Арча суусун өз нугуна буруу иштери улантылууда
2014-жылдын 17-декабрында саат 16:00 чамасында Ала-Арча дарыясында муз топтолуп, суу нугунан ашып кеткен. Ошондон бери сууну өз нугуна буруу иштери улантылууда.
Биринчи май районунда 2014-жылдын 22-декабры күнү Малдыбаев көчөсүндөгү «Космос» магазининин жанында муз топтолгон тосмону тазалоого КРнын ӨКМнен 2 самосвал жана 2 адам,“Жашылдандыруу” ишканасынан 5 адам, “Бишкек суу чарба” ишканасынан 1 самосвал, “Бишкек жылуулук тармагы” коммуналдык ишканасы тарабынан 1 самосвал, 2 адам,“Гранстар” ЖЧКнан 1 эксковатор, 1 адам, №3-СМУ ишканасынан 1 самосвал, 1 эксковатор тартылган. Аткарылган иштин көлөмү 700 м3.
Ленин районундагы Рыскулов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта: №12 “ЭК” ишканасынан 1 эксковатор,“Жашылдандыруу” ишканасынан 1 трактор тартылып, аткарылган жумуштун көлөмү 600 м3.
Ошондой эле көпүрөнүн ылдыйкы тарабын муздан тазалоого «Бишкек суу чарба» ишканасынан 1 эксковатор, “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 трактор тартылып, аткарылган жумуштун көлөмү 420м³.
Мындан сырткары көпүрөнүн жогорку тарабын муздан тазалоого КР ӨКМнен 1 адам, 1 эксковатор тартылып, көлөмү 400м³ болгон тазалоо иштерин жүргүзүштү. Тазалоо иштери улантылууда.
2014-жылдын 22-декабрына карата аткарылган жумуштун көлөмү 2120м³ түзгөн, жалпы жумуш башталгандан бери аткарылган жумуштун көлөмү 11858м³ түзгөн.


Комментарий кошуу