t_bekpolotov

Белгилүү акын, Байдылда Сарнагоев атындагы сыйлыктын лауреаты Тургунбек Бекболотов узакка созулган оорунун айынан 2014-жылдын 23-декабрь күнү 66 жаш курагында жарык аалам менен коштошуп кете берди. Ал өмүр бою чындыкты даңазалады. Бир топ ырлардын автору. Тогуз китеби басмадан жарык көрүп, поэзия сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан эле.

БИР КУДАЙГА ЖАЛЫНЫП…
Көңүлүмдү турат бүгүн кир чалып,
күн да неге ысып алган мынчалык.
Көчө таптайт канча кыргыз жигиттер,
Пайдасы жок саап ичер уйчалык.

Маанайым пас, үзүл-кесил үмүтүм,
Деги биздин кылган мээнет ким үчүн?
Шымаланып, элибизди тозокко,
Шыкап айдап жаткандайбыз күнү-түн.

Көрбөй элдин өнүп-өсүп жатканын,
Жазат дебе жалаң жаман жактарын.
Баюу гана максатыбыз болбосо,
Жоготуудан башка эмне тапканым?

Жүз жыл эмес, он жыл алдын карабай,
Ар ким колдон келишинче таламай.
«Чыйт» түкүрүп, ичип, чычып жүрөбүз,
Каяша эмес, каш үйрүүгө жарабай деп,- ичинен күйүп жазган акын эми өзү дүйнө менен коштошуп кете берди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА