беде1

Өткөн жылы  Аксы районундагы агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан  Чүй областынын Панфилов районундагы «Татьяна жана балдары» деген үрөнчүлүк чарбасынан 2 тонна беде үрөнү сатылып алынган. Үрөндү сатаарда аталган үрөнчүлүк чарбасынын жетекчилери «мыйзамдуу сертификатыбыз бар, беде үрөнү эң мыкты сорттогу репродукцияга кирет» дешип, бал тилге салышып, Аксылык алармандарды азгырышкандай туюлат.

Натыйжада келишимдик негизде 1 кг. беде үрөнү 470 сомдон бааланып, жалпысынан  2 тонна беде үрөнү Аксы райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин адистери тарабынан сатылып алынат.  Алынган беде үрөнү көп жылдык тоют өстүрүүнү алдыларына максат кылышкан  аксылык 16 фермерлерге кредиттик негизде таркатылып берилген. Эң кызыгы жерге себилген беде үрөнү дээрлик 80 пайызга өнүп чыккан эмес, өнүп чыккандары дагы ала жана өтө суюк чыгып калган.  Азыр буга аябай кыжырланган фермерлер кредитке алынган беде үрөнүнүн акчасын кайтарып, төлөбөйбүз деп жатышкан кездери.

-Беде үрөнүн сатып алуу негизи мыйзам жолу менен жүргүзүлгөн. Жалпысынан 940 миң сомго 2 тонна алар мактаган беде үрөнүн сатып алганбыз. Үрөн өндүрүүгө адистештирилген чарба болгон соң, анан сертификаттарын көрсөтүп жатышса,   кантип ишенбей коесуң? – дейт Аксы райондук агрардык өнүктүрүү  башкармалыгынын башчысы Масалбек Мырзамамытов.

Азыркы күндө эки тарап: беде үрөнүн саткан «Татьяна жана балдары» үрөнчүлүк чарбасы менен Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы бирин-бири күнөөлөп жатышкан чактары. Абалдан эки тарап тең күйбөгөн шартта чыгуунун жолдорун изилдеп жатышат. Ал ортодо беде тоютун чабып алуудан куру-жалак калып, жабыр тартышкан фермерлерди ойлогон бир  жан жок.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу