Абдылдажан

 Кечээ, 2015-жылдын 10-февралында КР УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнө Түштүк Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин өкүлү Пак Ми Джонг, Эл аралык өнүктүрүү институтунун президенти Ли Тэ Джу, илимий кызматкер Щин Сонён менен КР УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда коноктор КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил институтунун кол жазмалар фондунда болуп, сактоодогу кол жазмалардын абалы менен таанышты. Кыргыздын улуу эпосу “Манаска” байланышкан жагдайлар боюнча маалымат алды. “Манас” эпосунан үзүндү угушуп, жогору баа беришти. Аталган бөлүмдүн жетекчиси аткарылган иштер, келечекке коюлган пландар жөнүндө маалымат берип кетти.

Иш-чарада КР УИАнын вице-президенти академик А.Акматалиев Түштүк Корея менен илимий-маданий тыгыз байланышты өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн Түштүк Кореянын маданият министрлигинин Ардактуу Грамотасы менен сыйланды.

КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү