масалиев1

Ала-Тоонун залкар уулу Абсамат Масалиевдин жубайы Кайриниса Масалиева менен маек

Ата-Журттун ардактуу адамы, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты болгон Абсамат Масалиев бүткүл өмүрүн, ак эмгегин элине, жерине, мамлекетине арнады. Ал ар түрдүү мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, бардык жерде өз ишин устаттык менен жоопкерчиликтүү аткарып келген. Өрнөктүү өмүрүн тазалык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүү менен жашап өткөн жарынын бүтүндөй өмүрү, басып өткөн тарыхы тууралуу анын өмүрлүк жубайы Кайриниса апа буларды баяндап берди.

– Кайринса апа, Абсамат Масалиев менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?
– 1956-жылы, мен анда 16-17 жашта элем. Майда өрүлгөн чачтарым менен бүрмөсү бар атлас көйнөк кийген ичке кыз элем. Эсимде, мектепти бүтүп, “Замир” деген ательеде тигүүчү болуп иштеп жүргөм. Шайыр, жайдары, оюнкараак, анан тартынбай бетке айткан мүнөзүм бар эле. Ал кишини таякем Кара-Сууга үйгө ээрчитип келди, ошондо тааныштык. Кийин эле мага эки жолу “башың бошпу” деп олуттуу жазылган кат жөнөттү. Айылдык кыздар уялчаак келет эмеспизби. Арык чырай, кара-торусунан келген, чап жаак баланы жактырып калдым окшойт.
Аксакал (ушинтип тергечүмүн) менден 6 жаш улуу болчу. Таанышкандан бир жылдан кийин эле 1957-жылы декабрь айында баш коштук. Анда ал Москвадагы тоо-кен институтунун тездетилген курсун бүтүп келип, “Кыргызкөмүр” трестине кабыл алынып, Кызыл-Кыяда “Комсомольская” шахтасында тресттин башкы инженеринин орун басары болуп иштеп турган.
– “Келиндин келгендегиси эстен кетпейт” дейт. Сиздин эсиңизде эмнелер калды?
– Жолдошум Кызыл-Кыяда иштегендиктен, келин болуп барганда кайненемдин колунда болгон жокмун. Бирок, айылга барганда үйдөгү жумуштардын баарын ылгабай жасай берчүмүн. Кайненем мени жакшы күрөп, экөөбүз эне-кыздай эле сырдашчубуз.
– Абсамат Масалиевдин ата-энеси жөнүндө жана анын балалык чагын өмүрлүк жары катары сизден жакшы билген киши жоктур?..
– Кайнатам Масалынын мурунку үй-бүлөсүнөн бир эркек, бир кызы болуптур. Күтүүсүздөн аялы кайтыш болуп, Жумагүл апама (кайненеме) баш кошуптур. Көп узабай Кадамжай (мурунку Фрунзе) районунун В.И.Ленин атындагы колхозунун Алыш айылында 1933-жылы 10-апрелде Абсамат, 1936-жылы Абсатар деген уулдары удаа жарык дүйнөгө келишиптир. Кайненемдин өз оозунан укканым боюнча, кайненем бул киши менен 47 жыл чогуу жашашыптыр. Кайнатамдын ата-энеси карапайым адамдар болгон экен. Беш маал намаз окуган, Алаа-Тааладан ыйман тилеп, бирөөгө зыяны тийбептир. Жаштайынан талаачылыкта эмгектенип, сабатсыз да болушкан. Кайнатам да атасын тартып, дыйканчылык ишин мыкты билген, машакаттуу жана татаал сугат ишинин устаты болуптур. Мүнөзү жөнөкөй, чыр-чатакты жактырбаган, балдарды көргөндө ичи эзилген баласаак киши эле дейт. Кайнатам 1941-жылы 63 жашында ичкелте оорусунан каза табат. Жесир калган кайненем ачкачылыктын азаптуу күндөрүндө балдарын жалгыз багып чоңойткон экен. Балдары атасыз экенин билдирбей, айылынан кыйла алыс жайгашкан бийик тоо аркасындагы “Мелик-Суу” деген рудникке көчүп кетүүгө аргасыз болот. Рудниктен согушка стратегиялык мааниси бар түстүү металлды таштан ажыратып алуучу фабрика иштеп турган. “Мелик-Сууда” иштегендерге өз убагында маяна төлөнүп, нан, кант, эт ж.б. зарыл азык-оокаттар берилгендиктен, кен чыккан жердеги жумушчуларга тамак-аш бышырып берүүчү ишке орношот. Менин жолдошумдун бала чагы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына дал келгендиктен, жокчулук, ачкачылык, айтор, турмуштун кыйын кезин баштан өткөрүп жетилген.
– Ата-энеси сабатсыз болушса, ал кишинин билимдүү болушуна ким түрткү болуп, окууга кызыгып калыптыр?
– Абышкамдын чоң атасы Артыков Байбала өз мезгилинде арабча кат тааныган, диний жактан жогорку даражадагы билимдүү, Кудайга терең ишенген чоң молдо болгон экен. Медреседе балдарды окутуптур. Эл арасында абдан кадыр-барктуу болгонун көп уктум. Менин абышкам 8 жашынан атасынан калып, согуш башталган жылы “Кызыл Чарба” колхозунун аймагындагы жети жылдык мектепте окуп, 1948-жылы бүтүрөт. Андан кийин райондун борбору Үч-Коргон айылындагы А.С.Пушкин атындагы жалгыз орто интернат-мектептен 8-класстан окуусун улантат. Кызыл-Кыядагы техникумга велосипед менен каттап окуп, ошол окуу жайды “артыкчылык” диплому менен аяктаган. Орус тилин татар мугалимдеринен аракет кылып, сөздүктөрдү жаттап үйрөнүптүр.
– А үй тапшырмаларын даярдоого ким жардам берчү экен?
– Мындайды дээринен деп коет. Баарын өзү даярдап, мектепке чын көңүлү менен барып, сабактарга ынтаасын коюп окуптур да. 5-класста окуп жатканда мектеп директору Абдыкалил Калмырзаев кабинетине чакырып, “балдардын ичинен бирөөнү мектеп боюнча учком кылып шайлашыбыз керек. Мугалимдер сени көрсөтүп жатышат”,- дептир. Ага чейин эле окуудагы, коомдук иштердеги жетишкендиктери менен айырмаланып, класском болуп шайланган экен. Балалык күндөрдөгү мугалимдердин чоң ишеничи Масалиевдин жолдошторунун арасында, окууга, коомдук иштерге болгон жоопкерчиликтүү мамиле кылууга өбөлгө түзүптүр.
– Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумуна тапшыруусуна энесинин кенде иштегени себеп болуптур да?..
– Бир күнү колхозуна сонун форма кийген, ак костьюмунун жакасында, жеңинде, жылдыздын белгиси, погону бар жаш жигит келиптир. Ал 7-8-класстарды жакшы баалар менен бүтүргөн эркек балдардын тобун топтоп жүрүптүр. Ал жыйында Кызыл-Кыя тоо-кен техникуму республикабызда гана эмес, бүткүл орто Азиядагы тоо-кен иштерине зарыл болгон адистерди даярдап чыгаруучу жападан-жалгыз окуу жай экенин, мында окууну каалагандарга атайын жайкы жана кышкы форма берилип, стипендия төлөнөөрүн, сырттан келгендерге жатакана берилээрин жана окуу орус тилинде жүргүзүлө тургандыгын, айрыкча орус тилин бул жерден оңой эле үйрөнүп алууга болоорун айтканда Абсамат ойлонбой туруп, окуу жайга тапшырган экен.
Төрт жылдык окуу мөөнөтү билинбестен тез өтүп, 1953-жылы диплом жазууга керектүү материалдарды чогултуп келүү үчүн Москва алдындагы “Тулауголь” комбинатына караштуу “Скуратовуголь” трестине жолдомо менен барыптыр. Бул көмүр бассейни жылына 50 млн. тоннадан кем эмес күрөң көмүр казып чыгарчу экен. Тресттин буйругу менен Абсаматты “Косагорская” деген шахтага жиберип, анын жетекчисинин буйругу менен шахтаны желдетүү аймагына десятниктик ишке коюшуп, чоң ишеним көрсөтүшөт.
– Масалиев шахтерлордун жашоо-шартын, турмушун, жан дүйнөсүн жакшы түшүнгөн адам катары эмне дечү?
– Өмүрү өткүчө шахтерлордун турмушун эскерип, убактысы болсо, алар менен жолугушууларды өткөрүп, турмуштагы ар кандай көйгөйлөрүн чечип бергенге аракет кылды. Шахталарга жолугушууга барганда сөзсүз жер астына түшүп, көрүп чыкчу.
– Агайыбыздын адабиятка, искусствого, спортко мамилеси кандай эле?
– Масалиев адабиятты, искусствону өтө жогору койгон адам эле. Өзгөчө элдик фольклор, кино жанрларына абдан кызыкчу. Комузду баалап, элдик күүлөрдү сыйлап укчу. Улуу комузчулардан: Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Шекербек Шеркулов, Эркесары, Атай Огонбаев, Болуш Мадазимовдун аткаруусунда залкар күүлөрдү тажабай уккан. Абсаматтын үнү таза, жагымдуу болгону менен эл алдында ырдачу эмес. Үйдө өз алдынча кыңкылдап, кыргыздын классикалык обондорунан үн салып калчу жайы бар эле. “манас” эпосун кайра-кайра окуп, айрым саптарын жатка айтчу. Жеңижоктун ырларына маани берип, анын философиялык дэңгээлин жогору баалап, тексттерин терме айткандай куюлуштуруп, токтобой айтканда таң калчубуз. Спорттун жеңил отлетикасына кызыгып, футбол ойногонду жактырчу.
– Тамак-ашка табити кандай эле, кайсы тамакты жакшы көрүп жечү?
– Тамакты таптап, тандап аз жечү. Өмүр бою тамакты өз колум менен жасап бердим. Өзгөчө палоону жакшы көрүп жээр эле. Колу бош болгондо ашканага кирип, мага жардам бергенден баш тартчу эмес. Алыс жолго чыкканда термоско чай демдеп алчумун, агайыңар эзели көчөдөгү ашканалардан тамак ичкен жан эмес эле.
Динар Турдугулова