суусамыр

Бул тууралуу Жайыт департаментинин директору Абдымалик Эгембердиев билдирди.

“Өлкөбүздөгү жайыт  жерлер такырланып, трансформацияланып,  башка категорияларга которулууда.  Тагыраагы  айдоо аянтчасына айланып калган. Акыркы убактарда кыш менен цемент куюп жаткан заводдор, казган жерлерин түздөп, чөп сээп, калыбына келтирип бериши керек эле. Тилекке каршы ал заводдор  функцияларын аткарбай,  коюлган талаптарга жооп бербей келишет. Буга тиешелүү маселелерди Экотехнологиялык инспекциясы көзөмөлгө алышы керек”,-дейт А.Эгембердиев.

Анын айтымында Кыргызстанда  жайыттардын азайып  жаткандыгына, өлкөбүздөгү казылып жаткан кен байлыктардын таасири күчтүү. Ошондой эле жер көчкүлөрдүн жүрүшү дагы  жайыттардын кыскарышына себеп болууда. Азыркы тапта канча гектар жер кыскартылып кеткендиги туурасында маалыматтар толугу менен такталып жатат.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы